Клапейрон теңдемеси

Википедия дан

Клапейрон теңдемеси (Клапейрон — Менделеев теңдемеси) — идеалдык газдардын абалын аныктоочу термод. параметрлердин (көлөм V, басым р жана абсолюттук температура Т) ортосундагы көз карандылыкты туюнтуучу теңдеме: рV=RТ. Мында пропорциялаштык коэффициенти В газдын M массасына жана жаратылышына (башкача айтканда моль массасына) көз каранды. Теңдемени Б. П. Э. Клапейрон 1834-жылы аныктаган. 1874-жылы Д. И. Менделеев идеалдык газдын 1 молу үчүн абал теңдемесин чыгарган: pV=RT, мында R — универсалдык газ туруктуулугу. Эгер газдын моль массасын m деп белгилесек, анда PV=RTM/m. Бул туюнтма Клапейрон — Менделеевдин идеалдык газ абалынын теңдемеси деп аталат. Бул теңдеме Бойль — Мариотт, Гей-Люссак жана Авогадро закондорун бириктирет. Анча чоң эмес басымда жана жогорку темп-раларда Клайперон теңдемеси реалдык газдардын (мисалы, атмосфералык абага, кыймылдаткычтан чыккан калдыктарга) абалын белгилүү даражадагы тактык менен мүнөздөөгө колдонсо болот. Көп кездешүүчү газдар — суутек, гелий, кычкылтек, аба, азот ж. б. идеалдык газга окшош болгондуктан, Клайперон теңдемеси колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]