Клапрот Генрих-Юлий

Википедия дан

Клапрот Генрих-Юлий (11. 10. 1783, Берлин —27. 8. 1835, Париж) — ориенталист, лингвист, синолог, академик (1807). Кытай тилине кызыгууну гимназиядан баштаган. 1801—02-жылдары Галле университетинен классикалык филология боюнча билим алгандан кийин Веймар шаарында немец тилиндеги «Азия дүкөнү» («Asiatisehes Magazin», 1802) журналынын 1-санын чыгара баштаган. Көп өтпөй Россия Илимдер академиясынын аскер аспирантурасына (адъюнктантура) чакырылып (1804), Кытайга элчиликти коштоп барууга мүмкүнчүлүк алган (1805). Иркутск, Кяхта шаарында кыргыз, башкырт, тунгус, якуттардын тили, үрп-адаты менен таанышып, анын негизинде сөздүктөрдү түзгөн жана ал тилдерди классификациялап, моңгол, манжур тили боюнча лингвистикалык маалымат жыйнаган. Петербургга кайтып келгенде (1807) экстраординар академик деген наам ыйгарылып, Александр I 300 сомдук пенсия чектеген. Россия Илимдер академиясынын тапшырмасы менен Кавказда этнографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп (1808), анын негизинде жазган «Азия адабияты, тарыхы жана сөздүгү боюнча архив» («Archiv fur asiatische Litteratur, Geschichte und Sprachkunde») деген эмгегин француз, немис тилдеринде жарыялаган. 1818-жылдан Парижде иштеп, кытай тилинен которууга кошумча түшүндүрмөлөр киргизген. Манжур хрестоматиясын түзгөндүгү үчүн азия тили жана адабияты боюнча профессор наамын алган. Кытай тилинин кээ бир өзгөчөлүктөрү тууралуу Н. Я. Бичурин (Иакинф) менен талаш-тартыш жүргүзгөн. Клапорттун эмгегинде кыргыздар жөнүндө да кеңири маалымат кезигет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]