Клапрот Генрих Юлий

Википедия дан

Клапрот Генрих Юлий (1783-1835), чыгыш таануучу, академик, лингвист катары таанымал болгон окумуштуу. Чыгыш элдери болгон кытайлар, перстер, түрктөр, Кавказ элдери ж.б. кызыгып изилдеген. Г.Ю.Клапроттун атасы таанымал химик окумуштуу болгон жана уулун өзүндөй химик катары көргүсү келген. Бирок, ал тил илимине, чыгыш ьтилдерине кызыкканын койгон эмес. Атасы аны табият таануу илимдерин зордоп окутууга аракет жасаган. Ошол табият таануу илиммдери чыгыштаануучунун кийинки илимий изилдөөлөрүнө, жашоосуна пайдасы тийген. Берлиндеги королдук китепканада кытай китептеринин саны бир кыйла боло турган. Ошол учурдагы билим алуунун мүмкүнчүл®төрүнүн тардыгына карабастан Г.Ю.Клапрот кытай тилин оз алдынча үйрөнө берген. Болочок окумштуу илим чөйрөсүнө тааныла баштаган. Атасы уулун синологиядан алыстатуу максатында 1801-ж. Галледеги университетке тил үйрөнүү үчүн жиберген экен. Юлий Клапрот бул окууну бат эле аяктап, 1802-ж. Дрезденге келет да кытай тилин окууну улантат. Ошол эле жылы Веймар щаарында “Азия магазини” (Asiatisches Magazin. Weimar, 1802) аттуу журналды чыгарган. Мындан кабардар болгон орустар аны Илимдер Академиясына адьюкт кызматына чакырышкан. Чакырууну кабыл алып, Санкт-Петербургдан чыгыш элдери боюнча зор маалыматтарды табууга болоруна ишенген. Бат эле Юлий Клапротту Кытайга бра турган элчиликтин курамына кошушат. Элчи болгон граф Головкинди коштогондор 1805-ж. Казан, Пермь, Екатеринбург, Тобольск, Томск, Красноярск аркылуу Иркутскиге келишкен. Юлий Клапрот тунгус тилдүү элдерди, якуттарды, башкыр жана кыргыздардын (болжолу, енисей кыргыздары же казактар) тилдерин изилдеп, сөздүктөрдү жазган, эмгектерин “Asia polyglotta” жыйнагына жарыялаган. 1805-ж. Кяхтага келгенде элчилик тобу кабар күтүп бир кыйла туруп калышканда Юлий Клапрот бош убактысын текке кетирбестен, монгол жана маньжур тилдери боюнча лингвистикалык маалыматтарды жыйнаган. Россия Илимдер академиясы Ю.Клапротко Кытайга барбасын, ошол аймактардагы монголдордун тарыхын, тилин, динин, Тибет боюнча маалыматтарды жыйнасын деген көрсөтмө берген эле. 1807-ж. экспедициядан кайтып келген Юлий Клапротту академик даражасына, ал эми император Александр 1 экспедиция үчүн казынадан 300 рублдик пенсия менен сыйлаган. Ошол эле жылы Россия империясына каратылган Кавказдын элдеринин тарыхын, каада-салт, үрп-адаттарын, тилдерин изиолдөө максатында Юлий Клапроттуаталган аймакка жиберишет. Тифлистен Бакуга, андан Персияга баруу пландаштырылган эле. Бирок согуштук-саясий кырдаал буга мүмкүнчүлүк берген эмес. 1808-ж. кайрадан чакыртылып алынган Юлий Клапрот осетиндердин тилине кызыга баштаган. Бул маалыматтарды немис жана француз тилдеринде жарыялап, "Archiv für die asiatische Litteratur, Geschichte und Sprachkunde" (Petersbourg, 1810. Bd. I) аттуу жыйнакты негиздеген. Санкт-Петербургдагы китепканадагы бай кытай китептерин каттоого тапшырма берилген. 1811-ж. Россия Илимдер академиясы Юлий Клапроттуу немис жазуу шрифтерин алып келүү үчүн Берлинге жиберет. Бул кырдаалды пайдаланган окумуштуу Пруссияда калып калат. Ишин улантуу максатында Парижге көчүп кететю Бирок Юлий Клапроттун илимдеги салымын баалаган Пруссия королу профессор наамы менен биргеликте 24 000 франкты китеп басып чыгаруу үчүн берген экен. Ага Парижде калып, булактар боюнча иштөөсүнө уруксат берилет. Синолог Иакинф Бичурин менен илимий талашты жүргүзгөн Юлий Клапрот бардык тилдерди (кытай, маньжур, монгол, перс ж.б.) үйрөнүүгө өзүнүн тырышчаактыгы, эмгекке чындап берилгендиги менен жетишкен. Чындыгында, Юлий Клапрот өз учурунун эң мыкты ориенталисти, лингвисти болгондугу анык.

Негизги эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Reise in den Kaukasus und nach Georgien. Halle und Berlin, 1812—1814. — Geographisch-historische Beschreibung des östlichen Kaukasus. Weimar, 1814.

  1. Mémoire de Jean Pnosk’Herdjean, prêtre arménien de Wagarchapad, pour servir à l’histoire des événements qui ont eu lieu en Arménie et en Géorgie à la fin du ХVIII siècle et au commencement du XIX, suivi de 28 anciennes inscriptions arméniennes à laide de M. Arontioun-Atswatsatour. Paris, 1818.
  2. Mémoire dans lequel on prouve lidentité des Ossètes, peuplade du Caucase, avec les Alains du moyen âge. Paris, 1822.
  3. Asia polyglotta, ou Classification des peuples de l’Asie, daprès l’affinité de leurs langues, avec damples vocabulaires comparatifs de tous les idiomes asiatiques. Paris, 1823. (Второе издание в 1829 г.).
  4. Voyage au mont Caucase et en Géorgie. Paris, 1823. 2 vol.
  5. Sur les Boukhares. Paris, 1823.
  6. Mémoires relatifs à l’Asie, contenant des recherches historiques, géographiques et philologiques sur les peuples de l’Orient. vol. I — ІІI. Paris, 1824—1826.
  7. Magazin asiatique, ou Revue géographique et historique de lAsie centrale et septentrionale. Paris, 1825, 2 vol.
  8. Tableaux historiques de l’Asie, depuis la monarchie de Cyrus jusquà nos jours. Paris, 1826. Atlas in folio.
  9. Tableau historique, géographique, ethnographique et politique du Caucase et des provinces limitrophes entre la Russie et la Perse. Paris, 1827.
  10. Vocabulaire latin, persan et coman, daprès un manuscrit écrit en 1303, et provenant de la bibliothèque du célèbre poète Francesco Petrarcha. Paris, 1828.
  11. Vocabulaire et grammaire de la langue Géorgienne. Paris, 1827.
  12. Mémoire sur l’introduction et lusage des caractères chinois au Japon, suivi dun vocabulaire coréen. Paris, 1829.
  13. Voyage dans les steppes d’Astrakhan et du Caucase, par le comte I. Potocki. Paris, 1829.
  14. Rapport sur les ouvrages du P. H. Bitchourin. Paris, 1830.
  15. Fragments bouddhiques. Paris, 1830.
  16. San Kokf tsou ran to sets, ou Aperçu général des trois royaumes, traduit de l’original japonais-chinois. Paris, 1832.
  17. Notice de l’Encyclopédie littéraire de Ma Touan Lin intitulée: Wen Hian Thoung khao. Paris, 1832.
  18. Description de la Chine sous le règne de la dynastie mongole, traduite du persan de Rachid — Eddin, et accompagnée de notes, Paris. 1833.
  19. Aperçu des entreprises des Mongols en Géorgie et en Arménie dans le XIII siècle, traduit de l’arménien, accompagné de notes. Paris, 1833.
  20. Verzeichniss der chinesischen und mandschurischen Bücher und Handschriften d. K. Biblioth. zu Berlin nebst Abhandlungen über die Sprache und Schrift der Uiguren. Fol. Paris, 1822.
  21. Reise in den Kaukasus und nach Georgien in d. Jahr 1807—1808; nebst Anhang: Kaukas. Sprachen. Halle, 1812—1814. 3 Bde, mit Karten.
  22. Abhandlung über die Sprachen und Schrift der Uiguren. Nebst einige Wörterzeichnisse und anderen Uigurischen Sprachproben aus dem kaiserlichen Uebersetzungshofe zu Peking. Paris, 1820. Fol. В числе исследований Клапрота особенно выдается исследование об уйгурском письме; замечательна также его "Carte de l’Asie centrale".

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015