Клара Сооронкулова

Википедия дан

Сооронкулова Клара Сыргакбековна – коомдук жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы, юридика илимдеринин кандидаты.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сооронкулова Клара Сыргакбековна 1969-жылы 18-мартта Ош облусунун Алай районундагы Сопу-Коргон айылында төрөлгөн. Улуту боюнча кыргыз.

1992-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Юридика факультетин “Юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн. Университетти аяктагандан эки жыл өткөндөн кийин бул окуу жайына кайтып келип, Юридикалык факультетке мугалим болуп орношуп, 2011-жылга чейин иштеген. Юридикалык илимдердин кандидаты илимий даражасы бар.

2010-жылдын 30-апрелинен бери Кыргыз Республикасынын Конституциялык кеңешмесинин мүчөсү. 2010-2011-жылдары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон.

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьясы болуп шайланган. 2015-жылы судьялык кызматтан алынган. Буга Сооронкулованын Кыргызстанда милдеттүү биометрикалык каттоодон өтүүнүн мыйзамдуулугу жөнүндө иш боюнча ачык айткан өзгөчө пикири себеп болгон. Сооронкулова “Милдеттүү биометрикалык каттоо жөнүндө” мыйзам өлкөнүн Конституциясына каршы келет деп эсептейт, себеби “мыйзам жарандарды биометрикалык маалыматтарын каттоого мажбурлайт, ал эми алар жөнүндө маалыматтар мамлекет тарабынан талаптагыдай корголбогондуктан каалаган адам аларга жете алат”[1].

2015-жылы судьялык кызматтан кеткенден кийин Борбор Азиянын Эл аралык университетинде (БАЭУ) “Юриспруденция” багытын жетектеген.

2019-жылдан тарта “Улуттар Биримдиги” партиясынын аткаруу комитетин жетектеп, комитеттин катчысы болуп иштеген. Андан кийин “Укук мектеби” коомдук бирикмесинин төрайымы болгон.

“Реформа” саясий партиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2020-жылы “Реформа” саясий партиясынын лидери болуп, ушул эле партиядан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. “Реформа” краудфандинг аркылуу шайлоо күрөөсү үчүн (5 миллион сом) акча чогулткан жалгыз партия болгон. Баштапкы  эсептөөлөргө ылайык, “Реформа” партиясы шайлоочулардын 1 пайыздан аз добушуна ээ болгон. Бирок 2020-жылдын 5-октябрындагы митингдердин натыйжасында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Президенттик шайлоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошол эле жылдын 11 ноябрда Клара Сыргакбековна президенттик орунга озунун кандидатурасын чыгарды. 2021 жылдын 10 январда президенттик шайлоодон 7 орун алып женилди( 1%).

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]