Классификациялоочу

Википедия дан

Классификациялоочу[1] - Объекттердин системага салынгантизмеги, алардын арбиринеөзүнчө шифр, код ыйгарылат. Көпчүлүк учурда продукциялардын, товарлардын, ишкердик түрлөрүнүн, төлөм багыттарынын классификаторлору колдонулат.

Классификация кандайдыр бир илимде же практикалык ишмердүүлүктүн тармагында (мисалы, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн классификациясы) туруктуу колдонуу үчүн арналган. Адатта, классификацияда бөлүү үчүн негиз катары бул пункттар үчүн маанилүү болгон мүнөздөмөлөр тандалат. Мында классификация (табигый деп аталат) объектилердин ортосундагы олуттуу окшоштуктарды жана айырмачылыктарды ачып, таанып билүү мааниге ээ. Башка учурларда классификациялоонун максаты объекттерди системалаштыруу гана болгондо, бул максат үчүн ыңгайлуу, бирок объектилердин өздөрү үчүн маанилүү эмес белгилер (мисалы, алфавиттик каталогдор) негиз катары тандалат. Мындай классификациялар жасалма деп аталат.

Эң баалуу болуп түрлөрдүн ортосундагы байланыштын, өнүгүү процессинде бир түрдөн экинчи түргө өтүү мыйзамдарын билүүгө негизделген классификациялар саналат (мисалы, Менделеев түзгөн химиялык элементтердин классификациясы).[2]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://new.bizdin.kg/kniga/slovar-bankovskikh-i-finansovykh-terminov-nbkr
  2. https://dic.academic.ru/dic.nsf/ruwiki/6157