Класстан тышкаркы иштер

Википедия дан

Класстан тышкаркы иштер – окуудан тышкаркы убакытта окуучулардын билим, билгичтик жана көндүмдөрүн өркүндөтүү жана тереңдетүү, өз алдынчалыгын жана жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү, ошондой эле алардын акыл-эстүү эс алуусун камсыздоо үчүн мектеп тарабынан уюштурулган максаттуу иш – чаралар. Мектептердеги класстан тышкаркы иштер ар түрдүү формада уюштурулуп, окуучулардын кеңири катмарын камтыйт.

Класстан тышкаркы иштерди уюштуруу формаларына:
а) Мектептеги окуучулар кружоктору (предметтик).
б) Идеялык-массалык иштер (докладдар, аңгемелер, лекциялар, окуу конференциялары, мамлекеттик, улуттук, мектеп майрамдары, жолугушуулар, кечелер).
в) окуучулар менен жекече иштөө (китеп окуу, техникалык, искусство сабактары) ж. б. кирет.
Булардын баары негизинен ата-энелердин катышуусу менен ишке ашууга тийиш.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004