Класс (биологияда)

Википедия дан
Класс (биология)‎»‎ барагынан багытталды)

Класс же жик (лат. classis — топ) — биологиялык систематикадагы жогорку таксономиялык категориялардын бири. Жакын түркүмдөрдү (жаныбарларда) же катарларды (өсүмдүктөрдө) бириктирет. Мисалы, кемирүүчүлөр, курт-кумурска жечүлөр, жырткычтар ж. б. түркүмдөр сүт эмүүчүлөр классына биригет. Жалпы түзүлүштөгү жана келип чыккан теги бир класстын өкүлдөрү типке (жаныбарда) же бөлүмгө (өсүмдүктө) биригет. Мисалы, жерде-сууда жашоочулар, куштар, сүт эмүүчүлөр ж. б. жаныбарлардын хордалуулар тибин түзөт. Бир үлүштүү жана эки үлүштүү өсүмдүктөр жабык уруктуулар (гүлдүү өсүмдүктөр) бөлүмүнө биригет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]