Систематика

Википедия дан

Систематика (гр. systematikos - ирээттештирилген) - кандайдыр бир реалдуу сфераны түзгөн объектилерди кабыл алынган ыкмалар менен белгилөө, атоо, мүнөздөп жазуу жана системага салуу маселелерин чечүүчү илим.

Систематика объектилери өтө тармактанган жана дифферендиаланган татаал системаларды изилдөөчү илимдердин бардыгында (химия, биология, география, геология, тил илими, этнография ж. б.) зарыл.

Систематика өзгөчө биология да кеңири өнүктү. Анын максаты - азыр жашап жаткан жана тукум курут болгон бардык организмдерди мүнөздөп жазуу жана атоо, түр менен түрдүн же түрлөрдүн топторунун ортосундагы тектик байланыштарды аныктоо, организмдердин табигый системасын түзүү.

Мында Систематика биол. илиминин бардыгында (жаныбар физиологиясы, биохимия, палеонтология, өсүмдүк морфологиясы, өсүмдүк анатомиясы ж. б.) топтолгон маалыматтарга жана тийиштүү теорияларга, өзгөчө эволюциялык теорияга таянат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.