Климактерий мезгили

Википедия дан

Климактерий мезгили (климактерий, климакс) - жыныс органдарынын функциясы акырындык менен басаңдоочу физиологиялык мезгил. Адатта организмдин улгайган курагына байланыштуу болот.

Климактерий мезгили аялда жана эркекте да байкалат.

Эркектерде климакс адатта 50-60 жаштын аралыгында башталат да, жеңилирээк өтүп, узакка созулат, көпчүлүгүнүн жыныс безинин функциясынын басаңдашы башка оорулар менен коштолбойт. Эн безинде жыныс гормондорун иштеп чыгаруучу клеткалардын саны азаят. Бул канда жыныс гормонунун азайышына алып келип, башка ички секреция бездеринин ишин начарлатат. Бул мезгилде жүрөк тез кагып, жүрөктүн тушу ооруйт, артериялык басым көтөрүлүп, баш лукулдайт, айланат, көңүлү чөгөт, санааркайт, курулай шектенүү, ызакордук пайда болот, уйку качат, унутчаак болуп, ишкерлиги кескин төмөндөйт. Айрым учурда жыныстык жөндөмдүүлүгү басаңдайт.

Аялдарда Климактерий мезгили 45-50 жашта (көбүнчө 47 жашта) башталат, ошондой эле эрте (35-36 жашында) болушу мүмкүн. К. менен эрте болушуна көбүнчө ангина, грипп, өнөкөт тонзиллит, гайморит жана башка себеп болот. Булардын натыйжасында гипофиздин жана жыныс системасынын ишин жөнгө салуучу нейрогормонду бөлүп чыгаруу начарлайт. Эгерде убагында дарылоо жүргүзүлсө гормондук тең салмактуулукту калыбына келтирүүгө болот. Ал аялдарда 3-5 жылга чейин (этек кир таптакыр токтогуча) созулат.

Климакс башталышынын алгачкы белгиси көбүнчө этек кирдин келбей калышы. Кээ бир аялдардын этек кири 3-4 айда бир келсе, айрымдарында тескерисинче бат-бат келет.

Көпчүлүн аялдарда климакс организмде анча эзгөрүүсүз жана оорусыркоосуз өтөт. Бул учурда аялдар 45-50 жашка келгенде гипоталамус тканында өзгөрүүлөр болуп, жыныс системасына таасир этүүчү гормондорду бөлүп чыгаруу бузулат. Мунун натыйжасында энелик безде энелик клеткалар өөрчүбөй, жатындын былжыр чели жукарат, андан энелик безге жана гипоталамуска кеткен нерв импульстары начарлайт. Организмдеги мындай өзгөрүүлөр кан тамыр жана нервдик бузулууларга алып келет. Бул учурда (аялдардын көбүрөөгүндө, 45 жаштан кийинки) климактерий синдрому деп аталган ар кандай белгилер пайда болот: күнүнө бир нече жолу беттин, моюндун кубаруусу жана көл-шал тердөө, себепсиз тынчы кетүү, коркуу, кыйналуу, тез ачуулануу, ызакордук пайда болот. Бул климактерий неврозу деп аталат. Айрым учурда артериялык басым көтөрүлөт, жүрөктүн кагуусу тездеп же жайлап, жүрөк тушу жана көкүрөгү мезгили менен ооруп, жүрөк-кан тамырдын иштөөсү бузулат. Башы айланып, кулагы дүңгүрөйт, денеси чымырайт. Уйкусу бузулат (уйку басат же уйку качат).

Климактерий мезгилинен болгон организмдеги өзгөрүүлөр адатта өзүнөн өзү жок болуп кетет, анткени организм акырындап жаңы физиологиялык шартка ыңгайланат. Жашоо жана тамактануунун режими так сакталса бузулуулар тез өтөт. Эртең менен гимнастика жасап, күн сайын душ алып же бөлмө температурасындагыдай суу менен денени сүртүү сунуш кылынат. Жай айларында түштүктөгү курортторго баруу сунуш кылынбайт, анткени күндүн ысыгы жалпы абалды начарлатуусу мүмкүн, ошондуктан көнгөн климаттык шартта эс алуу дурус. Тамак-ашты түрдүүлөп, аздан, жеңил сиңе тургандай ичүү керек. Мүмкүн болушунча күнүнө 4-5 жолу бир маалда тамактануу зарыл, түнкүсүн ашыкча тамактанууга жарабайт, акыркысын жатарга 2 саат калганда тамактанган оң. Этти, майлуу тамакты, ак майды, камыр жана макарон тамактарын, таттууларды азыраак, сүт жана жашылча тамак-аштарын көп жеш керек. Ар кыл өткүл татымалды - хрен, горчица, калемпир, өткүл соустарды пайдаланууну, ошондой эле тамеки тартууну, спирт ичимдиктерин ичүүнү токтотуу зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8