Клистрон

Википедия дан

Клистрон - ашкере жогорку жыштыктагы термелүүнү дүүлүктүрүүчү жана күчөтүүчү электрондук курал.

Түз учма (эки же көп резонаторлуу) жана чагылдыруучу болуп бөлүнөт. Өтө кичине чагылдыруучу К. минитрон деп аталат. Түз учма эки резонаторлуу К-до катоддон К чыккан электрондор электр талаасы тарабынан ылдамдатылып эки көлөмдүү резонаторлор P1 жана P2 аркылуу учуп өтүшүп коллекторго А түшүшөт. Р1 резонаторунда электрондордун агымы ылдамдык боюнча модуляцияланышат да, электрондордун коюланган топторуна бөлүнүшөт. Бул топтор экинчи резонаторго P2 учуп кирген моментте резонатордо дүүлүктүрүлгөн өзгөрмө электр талаасында акырындап электрондор туруктуу чыңалуунун булагынан алган энергиясын, электр талаасына берип электр-магниттик термелүүнү күчөтөт. Эки резонатордуу К-дор 1932–35-ж. пайда болгон. Алар азыр техникада аз 1–5 Вт кубаттуулукка чейинки термелүүнү дүүлүктүрүүдө пайдаланылат. Жогорку кубаттуулуктагы ашкере жогорку жыштыктагы термелүүнү күчөтүү үчүн түз учма көп резонаторлуу К-дор пайдаланылат. Кичине кубаттуулуктагы генератор (1Вт тан кичине) катары чагылдыруучу К-дор пайдаланылат. Чагылдыруучу К-дордо электрондор резонатор аркылуу учуп өтүп чагылдыргычтын электр талаасында тормоздолуп, кайра артка кайтарылат. Бул учурда электрондордун агымы электрондордун коюлган топторуна бөлүнүшөт. Резонатор аркылуу экинчи өтүүдө электрондор акырындап энергиясын электр-магниттик талаага берет. Чагылдыргычтын чагылуусун өзгөртүү менен дүүлүгүүнүн жыштыгын кандайдыр бир чекте 2х102 гГц жыштыкка өзгөртө алабыз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]