Клюёв мөңгүсү

Википедия дан

Клюёв мөңгүсүАлай кырка тоосунун түн. капталындагы (батыш бөлүгүндө) татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз.4,2 км, аянты 5,3 км2.

Сох суусунун сол курамы Актеректин алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4400 м, этеги 2880 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3600 м, абляция облусунун аянты 3,1 км2. Фирн облусу бийик аскалуу сеңир аркылуу бөлүнгөн эки циркте жатат; алардан башталган мөңгүлөр кошулуп бир «тилди» түзөт. Мөңгүдөн Актерек суусунун оң курамы–Түтөксуу башталат

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2