Кобальт сульфаттары

Википедия дан

Кобальт сульфаттары, кобальт купоросу, СоSO4.7H2O. Жаратылышта кызыл түстөгү биберит минералы түрүндө кездешет. 43оС 250оС чейин акырындык менен суусузданат. Суусуз СоSO4, кобальттын сульфидин, абада окистендирүүдөн же кобальт оксидин SO2 агымында окистендирүүдөн алынат. Нымды жакшы тартат. СоSO4. 7Н2О 600оС жогорку темп-рада ажырайт. Сууда, этанолдо, метанолдо, глицеринде, айнек жана керамика үчүн пигмент катарында ж.б. колдонулат. 3-валенттүү сульфаты Со2(SO4)3.18H2O, көк түстөгү кристалл. Суюлтулган Н2SО4 жана муздак жерде туруктуу, бирок сууда жана 30о чейин ысытканда кычкылтекти бөлүп чыгаруу менен ажырайт. Күчтүү окистендиргич: НСl жана Кl хлорду жана иодду сүрүп чыгарат, этил спирти жана кумурска к-тасын окистендирет. Калий, рубидий, цезий, аммоний сульфаттары менен кобальт ачык таштарын МеСо(SO4)2.12Н2О пайда кылат. СоSO4 суудагы эритмеси курамында кобальт бар сырьёдон гидрометаллургиялык ыкма менен кобальтты бөлүп алуу үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]