Кобан маданияты

Википедия дан

Кобан маданияты — Түндүк Кавказдын борбордук бөлүгүндөгү коло кылымынын аягы — темир кылымынын башына таандык (биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 1-жарымы) археологиялык эстелик. Түндүк Осетиядагы Кобан кыштагынын атынан аталган. Кобан маданияты көрүстөндөр, турак жайлар жана буюм калдыктары менен илимге белгилүү. Кобан маданиятынын адамдары өлүктөрдү бүгүп, таш үкөктөргө салып, ар кандай тиричилик буюмдары — канжар, уңгулуу коло балта, спираль түрүндөгү билерик жана башкалар менен бирге көмүшкөн. Алар кээ бир буюмдарын «айбандар стили» деп аталган скиф искусствосунун ыкмасында кооздоп жасашкан. Кобан маданиятынын адамдары уруу-уруу болуп, кичинекей кыштакчаларда жашаган. Булардын арасынан Змейский журту айрыкча белгилүү. Мал чарбачылык, аңчылык, кол өнөрчүлүк, дыйканчылык менен кесип кылышып, тоо кендерин да иштете билишкен. Уруу жол башчыларынын колунда байлык топтоло баштаган. Кобан маданиятынын адамдары Алдыңкы Азия жана Днепр бойлорунда жашаган элдер менен маданий, экономикалык байланышта болушкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]