Кобе

Википедия дан
Кобе.
Кобе (1995).

КобеЯпониядагы шаар. Хиого префектурасынын административдик борбору. Хонсю аралынын түштүк-батышында, Осака кысыгынын жээгинде, бир топ бөлүгү калдыктардан пайда болгон Порт-Айленд (1966-81, аянты 826 га; шаар менен «Минатодзима» суу астындагы тоннели жана эки ярустуу көпүрө аркылуу байланышат) жана Рокко (1992, Икута храмы. 3-к. 595 га) аралында жайгашкан. Калкы 1,5 млн (2008). Өлкөнүн маанилүү жолдор тоому. Кобеде «Мейсин», «Хансин», «Санъё», «Тюгоку» Кобе — Авадзи — Наруто жогорку ылдамдык автострадалары өтөт. Акаси кысыгы аркылуу өткөн автомобиль асма көпүрөсү (1998; узундугу 3,9 км, таянычынын бийиктиги 298 м, дүйнөдөгү эң бийик жана узун) аркылуу Авадзи аралы менен байланышат. Порт аркылуу жылына 95,5 млн т жүк ташылат (2006, өлкөнүн сырткы соодасынын 1/ и). «Токайдо» темир жол магистралынын (Кобе — Токио) батыштагы акыркы пункту. Шаардагы темир жол тармактары толугу менен автоматташтырылган (1981; дүйнөдө биринчи жолу). Кобенин жайгашкан жеринде эл байыртадан эле отурукташкан. 1889-жылдан шаар статусуна ээ. 1907-жылдан порт. Госикидзука кофун-коргону (4-кылымдын аягы — 5-кылымдын башы), храм комплекстери (анын ичинде Икута синтоист храмы, 3-кылымдын башы), Хакоги-Сенненя байыркы чарбагы жана башкалар сакталган. Кобеде 100дөн ашык эл аралык корпорациялардын өкүлчүлүктөрү, Япониядагы ири ишканалар менен компаниялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Кеме куруу, металлургия, машина куруу, аскер, химиялык, нефть-химиялык, текстиль өнөр жайы ишканалары иштейт. Кондитер азыктар өндүрүшү (1931-ж. орус ишкери В. Ф. Морозов тарабынан негизделген) өнүккөн. Япониядагы илим, билимдин башкы борбору. университеттер (анын ичинде мамлекеттик эместер да бар), ИИИлер, китепканалар, музейлер (анын ичинде сүрөт жана башкалар) бар. Туризм өнүккөн. Кобе 1995-жылкы жер титирөөдө кыйрап, 2005-ж. толугу менен кайрадан курулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]