Кобыз

Википедия дан

Кобыз — казактардын 2 кылдуу жаалуу тартма музыкалык аспабы. Тулкусу жыгачтан чабылат. Кобызга ичеги, өзөктүү зым тагылат. Кобыздын кыл Кобыз деген түрү эң байыркы аспап катары эсептелет. Ага кыл аттын куйрук кылынан тагылат. Элдик уламыштарга, аңыздарга караганда 8-кылымда күү атасы аталган Коркыт ойлоп тапкан. Кобызды күүгө келтире турган кулагына, чарасынын ичитышына добуштун угумдуулугун көтөрүү үчүн темир чыгырыктар бекитилет. Чарасынын жарым бети ачык, ал эми жарымы жаргак менен капкакталат. Аттын куйрук кылы тагылган жаа менен тартат. Диапазону эки жарым октава. Кобыздын өркүндөтүлгөн түрлөрү Казак мамлекеттик эл аспаптар оркестринде ойнолот. Жеке аткаруучулар күү тартышат жана анын коштоосунда ырдашат, дастан айтышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]