Коваленттик байланыш

Википедия дан

Коваленттик байланыш — валенттик теориянын чегинде пайда болгон хим. байланыш теориясындагы негизги түшүнүк. К. б. валенттик орбиталдарында жупташпаган электрондору бар атом же атомдор топтору пайда кылат. Электрондун жалпыланышы биригишкен атомдун экөөнө тең таандык электрондук жуптун пайда болуусуна алып келет. Пайда болгон электрондук жуптар санына жараша жөнөкөй, (жалпы электрондук бир жуп) кош (эки электрондук жуп), үч (үч жалпы электрондук жуп) байланыштар болот. К. б. жаратылышын, жана хим. байланыштын башка типтерин пайда кылган күчтөрү жалпылыгын кванттык механика түшүндүрөт. К. б. бирдей атомдор ортосунда пайда болгондо жалпы электрондук жуп пайда кылган электрондук булут тыгыздыгы мейкиндикте эки атом ядросуна бирдей симметриялуу бөлүнүшүп, уюлсуз К. б. пайда болот. Эгерде К. б. терс электрлүүлүгү ар башка атомдор ортосунда пайда болсо, байланыш электрондук булуту терс электрлүүлүгү чоң атомду көздөй жылышып, уюлдуу К. б. пайда болот. К. б. негизги касиеттери - анын каныгуусу жана багытталуусу. К. б. каныгуусу деп, атомдор чектелген гана санда жуп электрондук байланышты пайда кылуусу. К. б. багытталышы мол-лар, иондор, радикалдар мейкиндиктик түзүлүшүнүн стереохим-сын аныктайт. К. б. багытталышынын себептерин кванттык химия ачып көрсөтөт, ал эми анын негизги принциптерин атомдук орбиталдар гибридешүүсү ж-дөгү түшүнүк жана валенттик орбитаддар электрондук жуптарынын түртүлүү теориясы түшүндүрөт. Кванттык химиянын методун жана көз караштарын К. б. түшүндүрүүгө колдонуу анын эки бор-борлуу жуп электрондуу байланыш деген мазмунун бир кыйла байытып, кеңейтип, көп борборлуу К. б. координациялык байланыш деген түшүнүктөрдү киргизүүгө алып келди.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]