Когезия
Көрүнүш
Когезия (латынча cohaesus — байланышкан) — бир тектүү заттардын (суюк же катуу) бөлүкчөлөрүнүн жармашуусу. Ал заттагы бөлүкчөлөрдүн (атомдор, иондор) ортосундагы химиялык байланыш жана молекула аралык өз ара аракеттениши менен шартталат. Бөлүкчөлөрдүн өз ара тартылыш күчтөрү берилген заттын физикалык, физика-химиялык, механикалык касиеттерин (заттын агрегаттык абалын, бууланышын, эришин жана башкалар) аныктайт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9