Когеренттүүлүк

Википедия дан

Когеренттүүлүк – бир нече термелме жана толкун процесстерин кошкондо алардын убакыт боюнча жана мейкиндикте иреттүү өтүшү.

Эгер эки термелүүнүн фазаларынын айырмасы убакыттын өтүшү менен туруктуу болсо же белгилүү закон боюнча өзгөрсө жана кошулган термелүүлөрдүн суммалык амплитудасын аныктаса, анда ал термелүүлөр когеренттүү, ал эми фазаларынын айырмасы иретсиз жана мезгилине салыштырганда бат өзгөргөн термелүүлөр когеренттүү эмес деп аталат. Эгер эки термелүүнүн фазалары иретсиз өзгөрсө, бирок фазаларынын айырмасы турактуу калса, анда суммалык термелүүнүн амплитудасы кошулуучу термелүү-лөрдүн фазаларынын айырмасы менен аныкталат, б. а. термелүү когеренттүү болот. «Когеренттүүлүк» түшүнүгү алгач классикалык оптикалык жарыктын интерференцияга карата жөндөмдүүлүгүн аныктоочу мүнөздөмө катары пайда болгон. Ал ар кандай табияттагы термелүүлөрдү жана толкундарды сүрөттөөдө кеңири колдонулат. Квант механикасы толкундук түшүнүктөрдү микродүйнөдөгү бардык процесстерге жайылткандыгынын натыйжасында « Когеренттүүлүк » түшүнүгү электрон, протон, нейтрон ж. б. бөлүкчөлөрдүн нурларына колдонула баштады. Мында Когеренттүүлүк деп көп сандагы квази көзкаранды эмес бөлүкчөлөрдүн иреттелген жана багытталган кыймылын түшүнүүгө болот. « Когеренттүүлүк » түшүнүгү о. эле катуу нерселер теориясына жана кванттык суюктуктарга да кирди. Суюк гелийдин өтө агуучулугу ачылгандан кийин « Когеренттүүлүк » түшүнүгү пайда болду. Ал өтө агуучу суюк гелийдин атомдорунун макроскопиялык саны бир гана бөлүкчө катары бир өздүк мааниге ээ болгон бирдиктүү толкун функциясы менен жазылышы мүмкүн экендигин билдирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]