Когнициялык өндүрүш

Википедия дан

Когнициялык өндүрүш (лат. cognitio — иш боюнча иликтөө, тергөө) – байыркы Рим укук иштеринде жекече доолор боюнча сот иштерин жүргүзүүдөгү тарыхый үчүнчү таризи. Өзгөчө (адаттан тыш) тартипте аймактык башкаруу бийлигине мүлк боюнча дагы, жоопкер адамдын кертбашына тийиштүү нерселер боюнча дагы сот иштерин чечүү укугу берилген маалда келип чыккан. Эки баскычтагы сот жүрүшүнөн айырмаланып, К. ө-түн тушунда сот башталгандан тартып аяктаганга чейин аймактык чиновник гана адис юристтин кеп-кеңеши менен териштирген жана чечим чыгарган. Ошондуктан, мурдагы тариздөөлөр колдонулбай калды, тараптар мурдагы укугунан ажырай баштады, эски сот иштеринин ченемдерин чана башташты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]