Кожогулов Атахан

Википедия дан

Кожогулов Атахан – акын. Кочкор районунун Чолпон айылында 1971-жылы 23-мартта туулган. 1987-жылы Чолпон орто мектебин, 1992-жылы Кыргыз мамлекеттик университеттин тарых факультетин аяктаган.

1992–1993-жж. Бишкектеги №5 Улуттук компьютердик гимназияда тарых мугалими болуп иштеген. 1993-жылдын март айынан Улуттук телерадио корпорациясынын адабий-драмалык башкы редакциясында, 2001-жылдан “Замана” студиясында кабарчы, алып баруучулук кызматтарды аркалап келүүдө.

1991-жылдан баштап мезгилдүү басма сөзгө ырлары, эссе, новеллары жарыяланып келет. Алгачкы китеби 1998-жылы “Көз мончок” деген ат менен жарык көргөн.

Ал Б.Пастернактын, А.Ахматованын, Ю.Кузнецовдун кытай, япон акындарынын айрым чыгармаларын кыргызчага которгон.

2008-жылы “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын отличниги” наамы берилген.

1994-жылы жаш акындардын сынагынын жеңүүчүсү аталып, Табылды Муканов атындагы сыйлыктын лауреаты болгон жана жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көз мончок: Ырлар. – Б.: Аят басмасы, 1998. – 41 б.

Деңиз муң: Ырлар жана поэма. – Б.: Бийиктик, 2003. – 108 б.

Чач агарткан чакырым: Ырлар. – Б.: Бийиктик, 2008. – 152 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]