Кожомкулов Асан

Википедия дан

Кожомкулов Асан (23. 8. 1932, Чүй областтык, Кемин району, Жаңы-Алыш кыштагы — 9.10.2001, Бишкек) — мамлекеттик ишмер. СССР жана Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгына лауреаты (экөө тең 1982), Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген ирригатору (1981). 1955-ж. Скрябин атындагы КАЧИнин бүткөн. 1955-63-ж. Тянь-Шань областтык, 1963-67-ж. Баткен областтык, 1967-72-ж. Ош областтык суу чарба мекемелеринин башчысы, 1972-79-ж. Кыргыз ССРинин суу чарба министри, 1979-90-ж. СССР суу чарба министрлигине караштуу «Кыргыз суу чарба курулуштун» башкы башкармасынын башчысы болуп иштеген. Анын жетекчилиги менен Киров, Төрт-Күл, Ала-Арча суу сактагычтары, Чоң Чүй, Чоң Талас, Сокулук, Панфилов, Кемин, Кочкор, Баткен, Токтогул каналдары, Он-Арча, Ак-Жар, Куланак, Ит-Агар, Жылтыр, Жерге-Тал насостук станциялары курулуп, ишке киргизилгенетикалык Кыргыз ССР Жогорку Советинин беш жолку депутаты. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Баткен облусундагы Төрт-Күл суу сактагычына, Бишкек шаарындагы жана Кемин шаарчасындагы бирден көчөгө ысмы ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]