Кожомкул атындагы эскерүү турнири

Википедия дан

Кожомкул атындагы эскерүү турнири жыл сайын өткөрүлөт.

1975-ж. союздук деңгээлде уюштурулган. Кийин 1992-жылдан эл аралык мааниде өткөрүлүп келе жатат. Эркин күрөш техникасы жагынан кыргыздын улуттук оюну күрөшкө жакын. Элибиз илгертеден балбандарды жогору баалап, сыйлап келген. Ошол балбандарыбыздын бири Кожомкул Каба уулу. Алгач аны эскерип 1962-ж. Фрунзе (Бишкек) шаарында эркин күрөш боюнча биринчи турнир өткөрүлүп, ага Орто Азия республикаларынан, Казакстандан жана Россия Федерациясынан күрөш чеберлери катышкан. Бул турнирдин өткөрүлүп турушу Республикадагы эркин күрөш боюнча спортчулар үчүн чоң мектеп болуп калды.

Бул турнирге катышкан спортучулар кийин СССРдин чемпиондору болушкан. Алар: А. Гансатаров, А. Айханов, А. Бугубаев, К. Өмүралиев ж. б.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин бул турнирге катышып спорт чеберлери болушкандар – Н. Дөңбаев, Р. Мажинов, М. Бобурбеков, А. Аскаров, Н. Изабеков, Б. Өмүракунов Дүйнөнүн жана Азиянын чемпиондору болгондор - У. Надырбек, И. Озумбеков, А. Төрөгелдиев, С. Таабалды, М. Будунов, Н. Турарбек, С. Толубаев 2009-ж. 29-30-майда эркин күрөш боюнча Кожомкул балбандын байгесине арналган 47-эл аралык турнир Бишкекте Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлүп, ага Полыпа, Кытай, Иран, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын спортчулары катышты.

Жеңүүчүлөр: М. Хахаров, А. Дөңбаев жана Б. Базаргуруев (Кыргызстан), Р. Марцинкевич (Польша), А. Сватковский, Карбагай (Казакстан), А. Присяжнюк (Өзбекстан).

1962-ж. алгачкы өткөрүлгөн турнирдин жеңүүчүлөрү: С. Чекиров, Э. Жуманалиев, А. Келдибеков, А. Урусов, Ф. Зинченко жана Буйлашев К. Кыргыз элинин атактуу балбаны Каба уулу Кожомкулду эскерүүгө арналган эркин күрөш боюнча турнир спортчулардын чеберчилигин арттырып, жаштар арасында эркин күрөштүн популярдуулугун өркүндөтүп, башка мамлекеттер менен болгон достук жана спорт байланыштарын арттырып келүүдө. Бул турнир Кыргыз Республикасынын курама командасын улам жаш спортчулар менен толуктап, Кожомкулдун атын түбөлүккө даңазалайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9