Кожомкул музейи

Википедия дан

Кожомкул музейи 1989-ж. июлда Кожомкул Каба уулунун 100 жылдык мааракесине арналып, Кожомкул кыштагында уюштурулган.

Музейдин имараты мурунку 8-Март колхозунун комсомол уюмунун жана колхоз башкармасынын төрагасынын демилгеси менен курулган. Музейдин жалпы аянты 80 м2, 4 бөлмөдөн турат. Анда 1500дөн ашык экспонат бар.

Музей экспозициясына Кожомкулдун ичиги, чепкени, шымы, устачылык аспаптары (көөрүк, балта, чот), мергенчилик курал-жарактары, урунган идиштери, кол жазмасы, черткен комузу, жалаң күмүш менен көркөмдөлүп, казак зергери белекке берген ат жабдыгы, өмүр жолуна байланышкан тарыхыйархивдик фото сүрөттөр, живопистик сүрөттөр менен документтердин көчүрмөлөрү коюлган. Ошондой эле балдары, неберелери, байбичеси, тели-теңтуштары, курдашы Исабек устанын да сүрөттөрү, урунган буюмдары коюлган. Музей алдына Кожомкул көтөргөн таштар (Жоо-Жүрөктөгүсү 620 кг, Чаргымбайдын күмбөзүндөгүсү 600, Арамзадагысы 690, Жоо-жүрөктөн атасы тээп жылдырган таш 1274 кг) жайгаштырылган.

Музей экспозициясынын автору Акималы Чекиров. Ал музейинде атайын иштеген киши жок, бирок Кожомкулдун урпактары тейлейт. Ошондой эле Кожомкул жөнүндөгү экспонаттар Жумгал райондук тарых музейине да коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9