Кожоналиев Байыш Мекишович

Википедия дан

Кожоналиев Байыш Мекишович (13. 7. 1948-ж. туулган, Кызыл-Ой кыштагы) - эл агартуунун отличниги (1981), жетекчи кызматкер.

Кыргыз мамлекеттик университетинин математика факультетин бүтүргөн (1971). 1956-66-жылдары Москва районунун Александровка кыштагындагы орто мектепти аяктаган.

Эмгек жолун 1971-72-жылдары Калинин районунун Фрунзе орто мектебинде математика мугалими болуп баштаган. Андан соң Суусамыр орто мектебинин мугалими (1972-76), кийинчерээк Суусамыр жатак мектебинин башчысы болгон. 1977-81-жьшдары Панфилов районунун 8-Март жана 1981-85-жылдары Жайыл районундагы Суусамыр орто мектебинин директору болуп иштеп, үч кабаттуу мектептин курулушуна зор салым кошкон.

Ардактуу эс алууга чыкканына карабай мектепте эмгектенип келүүдө. Райондук жана элге билим берүү бөлүмдөрүнүн ардак грамоталары менен сыйланган. Кырбаш уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9