Кожоналиев Кубатбек Азатович

Википедия дан

Кожоналиев Кубатбек Азатович (16.8.1958, Кемин району, Быстровка кыштагы) — юстициянын генерал-майору (2003). 1985-ж. КМУну бүтүргөн. 1985-87-ж. КМУда окутуучу, 1987-91-ж. Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасында улук тергөөчү, 1991-93-ж. КРдин Президентинин Аппаратында референт, бөлүм башчысы, 1993-97-ж. КРдин аскер прокурору, 1997-99-ж. КРдин мамлекеттик коопсуздук комитет инин төрагасынын орун басары, 1999-2000-ж. КРдин Президентинин Администрация башчысынын орун басары, 2001-03-ж. КРдин Башкы прокурорунун орун басары-аскер прокурору, 2003-04-ж. Жалал-Абад облусунун прокурору, 2004-05-ж. Чүй облусунун прокурорунун орун басары. Чернобыль АЭСиндеги кырсыкты токтотуунун катышуучусу (1991). РФтин «Достук» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]