Кожо же кожолор

Википедия дан

Кожо же кожолор — өздөрүн алгачкы халифтердин (Абу Бекр, Омар, Осмон, Али) түз тукумдарыбыз деп аташкан катмар. Айрым учурларда мусулмандардын диний жетекчилигине берилүүчү наам же «кожо» наамы бар адамдын аты. Шиизм багытындагы исмаилиттер да өздөрүн «кожо» деп аташат. Кыргызстандын аймагында жашаган өзбектерде өздөрүн «кожолорбуз» деп атаган көп сандуу топтор белгилүү. Алар өздөрүнүн чыгыш тегин алгачкы «шайланма халифтер» жана алардын урпактары менен байланыштырышат. Арийне, алардын тегин илимий негизде тактап чыгуу зарыл.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]