Козубаев Тилек
Көрүнүш
Козубаев Тилек - акын жана жазуучу. Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Жетиген айылында 1974-жылдын 24-мартында туулган.
Ал санжыра, роман жана поэзия, прозалык чыгармалардын үстүндө иштеп келет. Бир топ чыгармалары мезгилдүү басма сөз беттеринде, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар Союзунун «Топ жылдыз» жамааттык жыйнагында жана «Саамалык-2», «Жетиген» жыйнактарында жарык көрүп келүүдө.
2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жарык көргөн китептери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бабалар мурасы: Повесть. – Б: Мамлекеттик интеллектуалдык мүлк фонду, 2010. – 68 б.
Жүрөгүм Кыргызстан: Аңгемелер жана повесть. – Б: Мурас, 2010.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6