Козуев Өсөр
Көрүнүш
Козуев Өсөр-обончу жана аткаруучу Алай районунун Көлдүк айылында 1966-жылы 14-январда туулган.
1983-жылы Комсомол (азыркы Базарбай Абжапаров) орто мектебин, 1989-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыка факультетин аяктаган.
1989–1990-жж. Б.Абжапаров атындагы мектепте музыка сабагынан мугалим, 1990–1996-жж. Гүлчөдөгү Алай элдик маданият үйүндө кызматкер, 1996-жылдан Кыргыз телерадиокорпорациясында үн режиссеру болуп иштеп келет.
Ал ондогон обондордун автору. “Атама”, “Классташтар” ж.б. ырлары кыргыз телерадиосунан уктурулуп келет.
Аткарылып жүргөн чыгармалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Акыркы коңгуроо” с. Б.Табалдиевдики
- “Алайым” с. Ө.Козуевдики
- “Апама кат” с. Ө.Козуевдики
- “Атама” с. Ө.Козуевдики
- “Дарысы сенсиң сүйүүнүн” с. Ө.Козуевдики
- “Жакшынайым” с. У.Мамытовдуку
- “Классташтар” с. У.Аджибаевдики
- “Өскөн жер” с. Н.Алымбековдуку
- “Сүйүүдө мен өзүмчүлмүн” с. Б.Табалдиевдики
- “Сыр” с. С.Жусуевдики ж.б.
Дисктери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Энеме: Чыгармалар топтому. – CD компакт-диск, 2009.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын обончулары/Кыргызпатент/ Түз.: А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2010. – ISBN 978-9967-26-120-4