Козу карындар

Википедия дан
Козу-карындар‎»‎ барагынан багытталды)
Козу карындар.

Козу карындар (лат. Fungi, Mycota же Мусеtalia) — тирүү организмдердин чоң тобу; жөнөкөй түзүлүштүү, хлорофиллсиз, тез өсүүчү, фотосинтези жок, даяр органикалык заттарга муктаж, осмотрофтуу гетеротроф организмдер.

Көпчүлүк Козу карындардын вегетация денеси мицелий түрүндө ичке, узунунан өсүп бутактануучу жипчелерден (гифтерден) же бүчүрлөө жолу менен көбөйүүчү тоголок, жумуру клеткалардан (ачыткы козу карын), эң жөнөкөйлөрүнүкү кабыксыз протоплазмадан турат. Козу карындар бир клеткалуу (жөнөкөй) жана көп клеткалуу (татаал) болуп бөлүнөт. Клеткасы целлюлоза, хитинден турган калың кабык менен капталган. Козу карындарда вегетация денесинен (мицелийден) башка тукумдук дене пайда болот да, андан споралар калыптанат. Көбүнчө жыныссыз жол менен көбөйөт. Жыныс жолу менен көбөйүүсү споралар аркылуу жүрөт. Споралар бир же көп клеткадан туруп, түрдүү формада жана түстө болот. Азык субстратына жараша мителер, сапрофиттер жана симбионтторго бөлүнөт. Мителери (грибоктор) адам, айбанат жана өсүмдүктөрдүн оорусун козгойт. Сапрофиттер өлгөн ткандын органикалык заттары менен азыктанат. Симбионттор гүлдүү өсүмдүктөрдүн тамыры мн микоризаны, балырлар менен бирге жашап, эңилчектерди пайда кылат. Табиятта көпчүлүк козу карындар узакка жашай албайт. Мицелийи бир нече суткада өөрчүп, спораны пайда кылат да, өзүнүн өсүшүн токтотот. Көп жылдык мицелийлүү Козу карындар да бар. Көбүнүн споралары кургакта ондогон жылдар тиричиликке жөндөмдүүлүгүн сактайт. Козу карындар царствосу 3 бөлүмдөн турат. Кадимки Козу карындардын 4 классы (фикомицеттер, аскомицеттер, базидиомицеттер жана жетилген козу карындар), 100 миңден ашык түрү бар. Кыргызстанда Козу карындардын 2100дөн ашык түрү белгилүү, андан ичкери тамак-аш катары колдонулуучу 98 түрү аныкталган. Козу карындардын көбү өсүмдүк илдетин, айрымдары адам ооруларын (таз, трихофития, кандидомикоз жана башкалар) пайда кылат. Айрымдарынан витамин, антибиотик, лимон кислотасы жана башкалар алынат. Ачыткы козу карындар нан, пиво ачытууда керектелет. Уу бөлүп чыгаруучулары да бар. Айрым түрү жыгач курулуштарын бузат, сактаган мөмөлөрдү, техникалык өсүмдүктөрдү чиритет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]