Базидиомицеттер

Википедия дан

Базидиомицеттер (гр. basidion - фундамент, mykes – козу карын) – козу карындар классы. Булар көп клеткалуу, мицелиялуу, жогорку түзүлүштүү козу карындар, 30 миңден ашык түрү белгилүү. Жыныстык жол менен пайда болгон экзогендик базидиоспора атайын өсүндү – негизде (базидияда) жайгашат. Базидия (базидий) эки ядролуу клетканын (дикариондун) өөрчүшүнөн башталат. Базидийдин өөрчүшү аскомицеттердеги баштыктын пайда болушуна окшойт. Базидия дикароиоттук гифтин апикалык клеткасын бөлүп турган тосмонун каптал бөлүгүндөгү кичинекей өсүндүдөн жетилет. Ошол учурда дикариондун кош ядросу бөлүнөт, төрт ядро пайда болот. Клетка өзү да бөлүнөт, бир жуп ядро базидиянын энелик клеткасында калып калат. Андан ары бул ядролор кошулат, диплоиддик ядро редукция жолу менен бөлүнөт. Клетка чоюлуп, базидияны түзөт. Анын чокусунда өсүндүлөр – стеригмалар пайда болот. Аларда базидиоспоралар жайгашат. Жетилген базидиоспоралар стеригмалар менен бирге жакын аралыкка таркалат. Базидиомицеттердин мөмө денелери формасы жана консистенциясы боюнча түрдүүчө. Алар борпоң, тыгыз булалуу, эттүү, кабык, туяк, түтүк, дүмүрчө жана калпакчалар формаларында болот. Мөмө дененин спора кармаган бөлүгү гимений деп аталып, жөнөкөй түрлөрүндө ал чоку (учунда) бөлүгүндө, татаал түзүлүштүү Б-де мөмө дененин төмөнкү бөлүгүндө жайгашат. Базидиомицеттер базидиянын түзүлүшүнө, өөрчүү процесстеринин типтерине карай үч классчага бөлүнөт:

1. Холобазидиомицеттер (Holobasidiomycetidae), бир клеткалуу, бөлүктөргө бөлүнбөгөн төөнөгүч же цилиндр түрүндөгү базидиялуу.

2. Гетеробазидиомицеттер (Heterobasidiomycetidae), эпигипобазидийден турган татаал базидиялуу.

3. Телиобазидиомицеттер (Тeliobasidiomycetidae). Базидия (төрт бөлүктүү фрагмобазидия) калың кабыктуу телиоспорадан пайда болот.

Базидиоспоралар (гр. basidion – фундамент, негиз, spora - урук) – базидиалдык козу карындардагы жыныстык көбөйүүдөн пайда болгон споралар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]