Койлон

Википедия дан

Койлон - геноним. Элдик санжыра боюнча Койлондон кыргыздын оң канатына кирген жедигер уруусу тарайт. Геноним орто кылымдардан белгилүү. Сайф ад-Дин Аксикендинин «Мажму ат- Таварихинде» (16-к.) төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылат: «...Тагай баатыр, андан Кулан (Койлон), Куландан Ядгар (Жедигер) уруусу келип чыгат». Сайф ад-Дин Аксикенди жазган маалыматтар соңку учурдагы кыргыз санжыра маалыматтары менен да дал келери анык. «Мажму ат-Таварихте» генонимдин «кулан» формасында чагылдырылышы анын баштапкы маанисин аныктоого көмөк берери ырас. Кулан - жапайы жылкы, монгол тилдеринде хула(н) формасында айтылат. Демек, «Манас» дастанындагы айтылуу Аккула «жапайы ак боз түстүү жылкы, аргымак» маанисин берет десек болчудай. Арийне, геноним монгол жана тунгус-манжур тилдүү элдерде айрым башка маанилерди да туюнтушу мумкүн. Эвенк тилинде «калун» - жаныбардын түсүн, «кайлун» - жылкынын өңү-түсү; монголчо «хайлун» - дарыя кемчетин туюнтат. Кыргыз (түрк) жана монгол тилдери тарыхый-аймактык жалпы бир чөйрөдө, жалпы бир кыртышта өнүккөндүгү эбактан белгилүү. Ошондуктан генонимдин монгол чөйрөсүндөгү маанисине көңүл бурсак: Жунгар (Ойрот) хандыгы боюнча маалыматтарды камтыган «Сиюй-Тучжиде» чек араны кайтарып, ага көз салып коргогон «калунь» деген мамлекеттик-аскердик кызмат жөнүндө даректер баяндалат. Жунгар (Ойрот) тилинде «калунь» - «чек ара аскерлери» дегенди туюнткан. Калундар (чек ара аскерлери) мамлекетте төмөнкүдөй милдеткерликтерди аткарышкан: І.Мамлекеттин карамагына кирген, уруулардын убактылуу пайдалануусуна бөлүнүп берилген мал жайыттардын чек араларынын бузулбашын көзөмөлдөө. 2. Айыл чарбасына, кен казуу иштерине, устаканаларга чегерилген, жазасын өтөгөн кылмышкерлерге көзөмөл салуу. 3. Сооданын жүрүшүн көзөмөлдөө. 4. Мал уурдоону болтурбоо. 5. Качкындарды көзөмөлдөө. 6.Зарыл учурда мамлекеттик маанилүү кагаздарды өз даректери боюнча жеткизүү. 7.Салык жыйноо. Чындыгында эле, жогорудагы маалыматтарда калундар чек ара иштери гана эмес, аскердик-полицейлик, салык жыйноо функцияларын да аткарышкандыгы байкалып турат. Ошону менен бирге, жунгар-ойрот хандарынын негизги тиреги болгон, өзгөчөлөнгөн катмарды түзүшкөн калундар институту жана «калунь» (койлон) термини эрте орто кылымдардан эле белгилүү болуусу мүмкүн. Ушундан улам, калун-койлон терминдери баштапкы бир экономикалык-саясий маанини туюнтат деген тыянак келип чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]