Койчукеев Мухамбет

Википедия дан

Койчукеев Мухамбет (1978-ж. туулган, 1-Май кыштагы) - көк бөрүчү, улуттук оюн «Көк бөрү» боюнча эл аралык спорттун чебери.

Эмгек жолун 1995-ж. мал чарбасында иштөөдөн баштаган.

  1. 1998-ж. Сокулук районунун «Рассвет» көк бөрү командасынын курамына оюнчу болуп кирген.
  2. Ошондон анын улакчылыкка болгон кызыгуусу артып, Кыргызстанда, Казакстанда жана Орто Азияда көк бөрү боюнча өткөрүлгөн мелдештерге катышып бир нече жолу чемпион болгон.
  3. 1999-ж. эң көп улак таштагандыгы үчүн грамота жана «эң мыкты» көк бөрүчү наамы ыйгарылып, Өзбек Республикасынын жана Чүй облусунун I даражадагы дипломдору берилген.
  4. 1999-ж. 1-орунду алгандыгы үчүн, 1999-жылдын эң мыкты оюнчусу болгондугу үчүн Ардак грамоталар менен сыйланган.
  5. 2001-ж. Чүй облусунун I даражадагы, Президенттин кубогу үчүн болгон мелдеште, «Ноорузда» I (2002) жана II даражадагы (2 жолу; 2008, 2009), 2003-ж.
  6. Астана шаарынын күнүн майрамдоодо I даражадагы,
  7. 2005-ж. Чүй облусунун Спартакиадасында III даражадагы дипломдор менен сыйланган.
  8. «Көк бөрү» оюнунда көрсөткөн чеберчилиги үчүн Кыргыз «Көк бөрү» федерациясынын президенти Аскар Салымбеков «Нива» автомашинасын жана Бшнкектен бир бөлмөлүү үйдүн ачкычын тартуулаган.

Ошондой эле Өзбек Республикасынын «Тико» жеңил машинасы да ыйгарылган. Азыр да көк бөрү оюнунун мелдештерине активдүү катышып, жаш муундагы көк бөрүчүлөргө насаатчылык кылууда. Учурда 1-Май орто мектебинде чарба иштерин башкарып келүүдө. Шааболот уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9