Кой текей

Википедия дан
Scorzonera purpurea.

Кой текей (лат. Scorzonera, L. 1753) — өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Көп жылдык, чанда эки жылдык чөп жана бадал. Жалбырагы жөнөкөй, кезектешип жайгашат. Жер жүзүндө 170тей түрү, Кыргызстанда 18 түрү бар. Кээ бир түрүнүн жер астындагы бөлүгү желет. Айрымдары балдуу, кээ биринин тамырында каучук (тоо сагыз) болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]