Кой тикен
Көрүнүш
Кой тикен (лат. Acanthophyllum) — өсүмдүктөрдүн чеге гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Бадал, кээси көп жылдык чөп, жалбырагы тикендей, шибегедей учтуу, сабагына тушташ жайгашкан. Гүлү майда, желекчеси 5, аталыгы 10, энелиги 1. Топ гүлү — калканчадай же шыпыргыдай. Мөмөсү — кутуча. Түркмөнстанда жана Батыш Памирде бездүү кой тикен кездешет. Кыргызстанда 5 түрү өсөт. Тамырындагы сапонин тамак-аш жана жеңил өнөр жайнда жуугуч каражат катары пайдаланылат. Кыргызстанда өскөн кадимки жана шыпыргыдай кой тикен — көп жылдык камгак чөп. Шыпыргыдай Кой тикен сапониндүү, тамырынан самын алынат. Көп түрү — балдуу өсүмдүктөр.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9