Кокус процесс

Википедия дан

Кокус процесс, стохастикалык процесс, ыктымалдык процесс, убакыттын кокус функциясы — окуяга жараша болуп өткөн жана өтүү ыктымалдыгы кандай экендиги алдын ала аныкталган процесс (башкача айтканда кээ бир системанын абалынын убакыттын өтүшү менен өзгөрүшү). Кокус процесстин типтүү мисалы — Броун кыймылы, радиосигналдардын тоскоол учурда тарашы жана башкалар Кокус процессти кээ бир элементардык окуянын көптүгүндө аныкталган X(t) кокус чоңдугунун түркүмү катары кароого болот, мында t — убакыт. Ушул түркүмдөн алынган ар бир X(t) конкреттүү кокус чоңдугу процесстин t моментиндеги абалы деп аталат. Кокус процесстин 3 классы өтө маанилүү: көз карандысыз өсүндүлүү кокус процесстер классы; Марков процесстер классы; Гаусс процесстер классы. Орус математиктери А. А. Марков, А. Н. Колмогоров, А. Я. Хинчин, америкалык математиктер В. Феллер, Н. Винер, Ж. Дуб жана башкалар Кокус процесстер теориясы боюнча маанилүү натыйжаларга жетишкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]