Кокус чоңдук

Википедия дан

Кокус чоңдук — ыктымалдык теориясындагы негизги түшүнүктөрдүн бири; ыктымалдыгы сыноонун кокусунан чыккан натыйжасына жараша ар кандай мааниге ээ чоңдук. Мисалы, чүкөнүн алчы түшүүсүндөгү упай саны — ар бири 1/6 ыктымалдыктагы Кокус чоңдуктун мааниси 1, 2, 3, 4, 5, 6. Ал үзгүлтүктүү жана үзгүлтүксүз болуп айырмаланат. Үзгүлтүктүү Кокус чоңдуктун маанилери белгилүү бир ыктымалдык менен кабылданат. Үзгүлтүксүз Кокус чоңдук өз ыктымалдык тыгыздыгы менен мүнөздөлөт. Эгер Кокус чоңдук ар кандай маанинин чектүү же чексиз удаалаштыгына ээ болсо, анда анын ыктымалдык бөлүштүрүлүүсү (бөлүштүрүү закону) чектүү жана чексиз болуп, дискреттүү Кокус чоңдук деп аталат. Кокус чоңдуктун ыктымалдык бөлүштүрүүсүнүн жалпы касиеттери сандык мүнөздөмө менен берилет, башкача айтканда математикалык күтүү жана анын дисперсиясы менен мүнөздөлөт. Кокус чоңдук түшүнүгүн жана анын математикалык күтүүсүн орус математиги П. Л. Чебышев (1867) биринчи баалаган. Кийин бул теорияны А. Н. Колмогоров (1933) өнүктүргөн жана жалпылаган. Кокус чоңдук математикалык анализде, сандар теориясында жана башкалар тармактарда кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]