Колбаса азыктары

Википедия дан

Колбаса азыктары колбаса заводдорунда тууралган эттен жасалат.

Айрым колбасаларга май, сүт, жумуртка, майлуу эт, татымалдар кошулат. Туурам ичегиге же жасалма кабыкка салынып, андан ары иштетилет (кайнатылат, куурулат, ышталат, кургатылат). Даярдалышына жараша кайнап бышкан, чала ышталган, ышталган, кандан жасалган болуп бөлүнөт. Килкилдектер жана ышталган эттер да К. а-на кирет. Мүнөз тамакка кирүүчү диета колбасалары - доктордук, диабеттик жана башка өзгөчө топту түзөт. Колбаса азыктарында белок (10-20 г%), май (бышкан колбасада 19 г%, чала ышталган колбасада 35г%, ышталган колбаса менен этте 50 г%ке чейин) көп болот. Колбасанын азыктык сапаты, даамдуулугу, пайдаланууга ыңгайлуулугу (көпчүлүгүн кайнатпай эле жешке болот) аны тамак-ашка көп колдонууга мүмкүндүк берет. Чала ышталган, ышталган колбасада май, татымал жана башка көп болгондуктан боор, уйку безинин, ичеги, бөйрөк, заара чыгаруу жолдорунун, жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларында аны көп жегенге болбойт. Кайнатып бышырылган колбаса кеңири таралган, бирок ал тез бузулат: муздаткычта 72 саат, муздаткычсыз 6 саат сактоого болот. Ичеги-карындан, кандан жасалган колбаса, килкилдек тез бузулат, аны муздаткычта 12 сааттан ашык сактоого болбойт, ал эми муздаткычсыз сакталбайт. Айрыкча килкилдекти даярдоодо жана сактоодо этият болуу керек. Аларды ачык жерде (балкон, веранда) коюуга, таза эмес идиште сактоого болбойт. Себеби ал бактерияларга көбөйүү үчүн жакшы азык чөйрө болуп, көп учурда гигиеналык жактан туура эмес даярдалган килкилдектен ууланып калуу мүмкүн (к. Тамак-аштан уулануу). Чала ышталган, ышталган колбаса жакшы сакталат; чала ышталган колбаса муздак жерде (0-4° температурада) 10 күн, ышталган колбаса 30 күн, 8°ка чейинки жылуулукта 15 күнгө чейин сакталат. Колбаса азыктарынын жарамдуулугун анын көрүнүшүнөн эле аныктоого болот. Бузулган колбаса нымдашып, көгөрүп былжырап турат. Бузулган же эски колбаса катуу ууланууга дуушарлантуусу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8