Колдонуучунун баарлашуулары:Абдиева Жылдызкан Канатбековна

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Абдиева Ж.К. Талас облусунудагы Талас районунун Көк-Кашат айылынын жашоочусу, эки баланын энеси.Кесиби: тарых мугалими.[булагын түзөтүү]

Биздин айыл Талас шаарынаын чыгыш тарабында орун алып,15 км чакырым аралыкта жайгашкан.Айылдын Көк-Кашат деп аталышы айылдын түштүк бөлүгүндө бөксө узунан кеткен жапыз дөңсөө бар. Көк деген сөздүн кошулушу кыргыздарда байыртадан эле жашыл түстү "көк" деп айтканын баамдап билебиз. Ошол себептен биздин айыл кичинекей чөлкөмдө жер түзүлүшүнө карата жашоочулар тарабынан Көк-Кашат айылы деп аталып калган. Өзүмдүн туулуп өскөн айылымдын географиялык шартына жана ошондой жашоо-турмушуна байкоо жүргүзсөм төмөндөгүчө:эгер аба-ырайынын бузулушу(жамгырдын жаашы, күндүн күркүрөшү, шамал)түштүк тараптан келсе,коңшу айылдарга караганда,ал биздин айыл үстүндө көп убакытка созулат,аба-ырайындагы өзгөрүүлөр эгер батыш тараптан келсе,ал көпкө турбастан, бат эле өтүп кетет. Элдин жашоо шарты орто деңгээлде. Канчалык төө буурчактын баасыв жогору болсо да,айыл ичинде20-30% калк өз керектөөсүн канаатандырып жашай алат 50% калк күнүмдүк тиричилиги болгон тамак-аш, кийим-кече, бираз бөлүгүн турак-жайына жумшап, андан аркы ойлоп турган көйгөйлүү маселелерине жетпей калып, кийинки күздү күтүп, кичи кредиттерге карызга батып, сырын эч кимге билдирбей намыстанып олтуруп калат.ООба, кыргыз эли башынан эле чыдамкай, намыскөй эл эмеспи.20%калк күнүмдүк керектөөлөрүнө эптеп араң жеткирип, кедейликтин торун жамынып, чымырканып, жашоосун улантат. Айылымдын руханий дүйнөсүн алып карасам, өтө шайыр айыл.Чөлкөмдө өткөрүлгөн музыка дүйнөсү,кол өнөрчүлүк боюнча таймашууларда алдыңкы орундарды бербей ат салышып келет. Анткени айылыбыздын девизи: "Биздин айыл Көк-Кашат,Музыка менен сырдашат,Бири калбай баарысы, Атай ырын ырдашат"деп сыймыктанып жүрүшөт. Ооба, биз сыймыктангадай биздин айылдан калың журтка таанымал залкар комузчу, ырчы Атай Огомбаев чыккан.Кол өнөрчүлүгүн сөз кылсам биздин айылда кыргыз боз үйүн тургузуп, анын ичин көркөм жасалгалаган ууз чеберлерибиз бар.Айылда бир мектеп, бир спорт зал, үч менчик мончо, бир чачтарач, бир китепкана, бир медпункт бар. Бул мекемелер айылдын тургундарын социалдык жактан тейлөө ишин жүргүзүп турат. Айылыбызда демөөрчүлүк кылып маяна акы албастан жаштардын келечегин, алардын саламаттыгын ойлоп,үзүрлүү эмгектенип балдарынын жасага ийгиликтери менен күч-кубат алып жүргөн тургундар бар. Алардын катарында кичинекей жеткинчектер менен "грек-рим" күрөшүнүн ыкмаларын колунан келишинче үйрөтүп автоунаасына салып алып, Талас шаарындагы спорт мектепке да алып барып машыктырып жүргөн айылдын патриот адамдарынын бири Учукеев Нурдөөлөт Абасбековия. Бүгүнкү күндө жаштар совет мезгилиндеги жаштарга караганда ыйман жолуна түшүп,адептүү жакшы жолдо жүрүп жатышат. Көк-Кашат айылында чоң мечит бар. Бул мечит айыл тургундарынын колдоосу менен, ашардык жол менен, каражаттарды өздөрүнүнү топтоосу менен курулган.Алып карап көрсөк, дин окууларынын адамга пайда тийгизе турган көптөгөн моралдык-этикалык нормалары бар. Алар: Ата-энеңди сыйла, улууну урматта, уруулук кылба, калп сөз айтпа, ушак айтпа ж.б.Бирок ошондой болсо да айылыбызда турмушка болгон жат көрүнүштөр орун алып келет: уруулук(мал уурдоо, үйгө кирип буурчак уурдоо), алдамчылык, текеберчилик(көрсө дагы көрмөксөн болуу), башкача айтканда керт башынын кызыкчылыгы менен гана алектенип, башкалар үчүн "кайдан көрдүм кара эшек" деген жагымсыз жашоо принциби элдин терең катмарына күндөн-күнгө биКалың текстлинбестен сүңгүп кирип жатат.