Колдонуучунун баарлашуулары:Калмамат

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Туңгуюк

Калмамат Турдубаев


                   Жаңы чыгарманын бет ачары

                Калмамат Турдубаевдин күндөлүгүнөн


                                  Туңгуюк

                                                  повесть

 

          2007-жылдын кеч күзү. Улуу Чатта күз берекеси төгүлгөн. Туш тарапта Алтын Күздүн берекеси жыттанат. Жалбырактар саргайышып, шамалга желбирешип, кайкып учушуп, жаратылыш дүйнөсүнүн көркүнө көрк кошуп жатышты. Сары жел кайык сымал абада каалгып учуп, жерге түшуп келе жаткан, сары жалбырактар күздүн көркүн ого бетер көрккө бөлөп жатышты. Туюук да кооз жер, жаратылышы өзүнчө эле жомоктогудай, ажайып дүйнө. Туюктун Чаар Таш тарабында Мамат жашайт. Өзүнүн таштан курган эки кабат үйү бар. Кооз үй. Үйдүн чыгыш жана батыш жагында балкону да бар. Эки татына курулган морусу, үйдү көркүнө чыгарып турат. Морулары кышкы жана жылдын төрт мезгилинде колдно турган мору болуп экиге бөлүнөт. Туш тарабы тоо-таштар. Анан таш үй. Ажайып. Кесиби-мергенчилик. Анан бал аарысы бар. Жайы-кышы ушул жерди мекендейт. Узун бойлуу, кең далылуу, сөөк-саактуу, колдору узун, балбан мүчөлүү, жашы 35-40 чамасындагы жигит. Чачы сары, көзү көк, дайыма башынан ак калпак түшпөйт. Мамат эч ким менен сүйлөшпөйт. Эл Маматты сыртынан жакшы билишет. А даап сүйлөшкөнгө эч ким батына албайт. Батынмак турсун анын үйүнө да жакындап эч ким келе албайт. Маматтын үйү таштардын үстүнө жайгашкандыктан, таш арасынан пайда болгон, жаратылыштын, кооз ажайып үйү сымал көрүнөт. Тээ алыстан эле бул үй көрүнүп турат. Көргөндүн көз жоосун алат. Үйдүн жакабелинен баардык жырткычтарды учурата аласың. Ал турмак кара чаар жыландар, питон жыландарды да көрсөң болот. Алар ээн-эркин сойлошуп жүрүшөт. Бир канча тайгандары да бар экенин көрүүгө болот. А жырткычтар болсо Маматты душманынан сакташкандай, үйдүн жанында гана жашашып, коргошуп, көз салып жатышканын билүүгө болот. Бул Маматтын жашаган жеринде да күз берекеси. Айланада алма, алча, жаңгак токою жыш. Анан чоң-чоң таштар. Таш айылынын элесин берген көрүнүштөгү таштар алда немени сыр каткандай, сүрдүү да, шаңдуу да көрүнүшөт. Эки кабат таш үйдүн жанында, муздак, туптунук көк кашка суу агып, нак үйдүн биринчи кабаты аркылуу, үй ичинен агып анан гана сыртка чыгат. Суу аккан бөлмө дайым салкын, суунун шаркырап агып, үйгө кирип анан сыртка агып чыгышы да керемет көрүнүш. Бу, адам дегениңен айла-амал да качып кутулбайт. Бул жерде бардык нерсенин өз-өз ордулары бар. Ал жайгашуу мыйзамын эч ким бузу албайт. Баардыгы бир гана адам мыйзамына баш ийишет. Туюк суусу киргенде аябай эле ташкындайт. Ал ташкын үйгө кирет атырылып, анан үйдү агызып кете турган болуп, гүпүлдөп агып сыртка чыгып, анан кетет тээ ылдый агып. А, үй болсо өз ордунда кала берет, бир казыкка бекемделген сыңар. Адам эй, бу эмне деген гана  акыл менен курулган баалуу жаратылыш байлыгына айланган керемет үй. Бул таш үйдүн ар бир бөлмөлөрү эле өз алдынча жашоо-шартка ыңгайлашкан. Ар бир бөлмөлөрдүн өзүнчө аткара турган милдеттери бар. Ар бир бөлмө желдетилип турат. Анан эң кызыгы бул үйдүн алдыңкы кабаты да бар. Жер алдында да бөлмөлөр салынган. Салкын бөлмө, мелүүн бөлмө, гүл жыттанган бөлмө, эт сактай турган бөлмө. Азык-түлүк сактай турган бөлмө. Ар бир бөлмөгө сырттан аба кирип турат. Бул, Туюк Тоо аймагында жайгашкан ажайып үй айлананы дайым шаңга бөлөп турат. Бул үйдө аял адам жашабаса да, дайым таза жана көңүлгө жагарлык кырдал сакталып турчуу. Бул жер, табышмак кымтыган, табышмакты бек сактаган, таң калтырчуу, өзүнчө сырдуу дүйнөгө айланган, табышмактуу ааламдын бир кичине бөлүкчөсү эле. Көчүлүк булл жерге анча деле көңүл болушө беришпейт. Анткени бул жер тынч, ызы-чуусуз өздөрү менен өздөрү алек болгон гана тургундар. Менин дүйнөм чынында кызыктуу жана табышмактуу,-деп терең ойго чөмүлдү Мамат. Сени дайым издеймин. Сен алыстасың. Мага ошондой гана сезилет. Чексиздик түгөнбөйт. Мен ошол чексиздиктен сени издеп келем. Оо, менин татынакай ханышам! Апакай карлардын ханышасы сенсиң го! Сени дайым уктаганда гана көрөм. Сен өтө сулуусуң. Мындай сулуулукту карап отуруп, убакыттын да өткөнүн билбей каласың, сага жетүү өтө татаал жана аткарылбоочу аракет. Албетте минтип айтуу мага да оор. Чындыкты айтыш керек ко деп ойлоймун. Суунун бир калыпта агышы мага өзгөчө маанай жарата берет. Күз да келди. Алтын күз. Бул жомоктогу күз. Жомок мына ушул жерде жашайт. Жомок мына, Ышылдак жашаган жерден башалат. Ышылдак абдан акылдуу, зыяны жок, бир аз тентек неме. Сууга кирингенди өтө жакшы көрөт. Сууга киринип жатканын көрсөң, өтө кызыктуу. Карап эле тура бергиң келет. Күн суук боло баштады. А ханышам, эмнеге унчукпай калдың? Жооп күтөмүн ханышам. Мамат терең ойго чөмүлүп, жанына келген Ышылдакты да байкабай калды.
        - Ышылдак жолтоо болбочу,  бир аз тынч туруп турчу,-деди Мамат.

Ышылдак, түшүнгөндөй Маматтын жанынан алыстап кетти. Суук башталып калды. Кыш эрте түшөт ко. Карасаң оюма ким келип, кетпей жатканын. Менин ханышам эмне кылып атат болду экен,-деген ой Маматтын санаасын-санга бөлөдү. Кеч кирип келе жатты. Тээ алыста гана иттердин үргөнү угулат. Мамат терең ойго чөмүлүп, айнектен сыртты карап отурат. Көзү бир тарапты тигиле тиктегендиктен, бул көз карашка эч бир жан каршы тигиле карай албайт эле. Тээ алыстан бөрү улуду. А чолок бөрү го,-деп тактады Мамат. Ал чолок бөрүнүн да өз тарыхы бар. Бу,чолок бөрү, жортулга даярданып жатат. Таш Кепеге барат окшойт. Токтотуш керек аны,-деп Чечим кабыл алып, Мамат сыртка чыгып. 3-4 жолу узун жана кыска бөрү үнү менен улуду эле. Чолок бөрү кыска-кыска улуп тынчыды. Чолок бөрү Мамат буйругуна баш ийди да, кайдадыр житип жоголду.Бөрү деген бөрү да. Баары бир сактыкка кордук жок да. Короочу үрдү. Эмне болду. Короочу мени эмнеге чакырып жатат. Мамат Короочу чакырган жакка басты. Короочу, бир кичине буту сынган козуну сүдүрөп келиптир. Мамат козуга жардам бере баштады. Дарылап, шак-шактап таңып,чөпкө салды. А жаш тайган өзүнө ыраазы боло ээсине шыйпалаңдады. Мамат Короочуга да сыйлык берүүнү унуткан жок. Этүү тамак ичкенине ыраазы болгон Короочу, Маматтын этегин жыттагылап өз ыраазылыгын билдирип жатты. Бул үйдө жашаган жашоочулар көп окшойт. Короочу өз жайына дем алганы кетти. Анын итканасын карасаң, таптаза, өзүнө ылайыктуу, чакан үйчө. Жылуу да. Эки айнеги бар. Бирөөсүнөн сыртты караса, бирөөсүнөн ээси жашаган жакты такай көзөмөлгө алып турат. Эшиги түртсө ачылат, анан өзү жабылат. Кирерде, эшиктин оң таман жагын басса, эшик дагы ачылат. Короочу бул жерде ээсинин эң жакын досу экенин байкоого болот эле.

      Күз аяктай элек. Түнү кар жаап келди. Үй жылуу. Туюктун көмүрү күнү-түнү жагылып турат. Үйдүн ичи жетишээрлик жылуу. Бул үйдүн жашоочуларынын ар биринин кыла турган иши белгилүү. Короочу саарлап Каракөзгө жардам бере баштады. Сынган буту аз-аздан скайып келе жатат. Шак-шак дале алына элек. Каракөз курсагы ачканда, чочуганда маарап койот. Короочуга кээде өзү барат. Короочу аны өлүмдөн сактаганына, ар дайым ыраазылыгын билдирип турат. Аны жыттагылап, маарап, аны менен ойной да кетет. Мамат, бул козуга Каракөз деп көзүнө карап ат койгон. Каракөз өз бөлмөсүнөн көбүнчө чыга албоочу эле. Корко берчүү. Эми көнө баштады. Мамат менен Короочуну жакшы көрөт. Ышылдакты көрүп алып корккон болчу. Ыраңы суук неме өтө эле коркунучтуу эле. А Мамат Ышылдакты Каракөздүн бөлмөсүнө келүүгө тыюуу салган. Болду, кожоюн айттыбы, бүттү дей бер. Аткарыш керек. Эч ким аткарбай коё албайт. Ага эч кимдин эрки да жетпейт. Каракөз болсо Короочу менен ойной берет. Ага Короочу тийбешин эң жакшы билет эмеспи. Ышылдак оозун ачып эстегенде аябай эле коркуп кетет. Өзүн жутуп жиберчүүдөй сезип кетет.  Ышылдакты көргөндө тынч болуп демин ичине катат. Ышылдагың түшкүр, аны көрөр замат эсиней баштайт да. Жинди немедей болуп. Ошондо Каракөз демин ичине алып, бурчка бүрүшүп бекине калат. Анын коркконун көргөн Ышылдак күлүмсүрөгөндөй сезиле түшөт. Качан гана Ышылдак кыймылдабай калганда гана ары-бери басууга болот. Ошол мезгилде Ышылдак эч коркунучсуз болуп калат. Көпкө чейин кыймылдабай жатат берет. Ышылдак өзү кызык неме да . Кыскасы, Ышылдак коркунучтуу экенин гана Каракөз жакшы билет. Суу шаркыратмадан агып түшүп жай гана өз нугу менен үй аркылуу агып кете берет. Анын шапатасы баардык бөлмөлөргө жетет. Бул суу шапатасын бир гана Ышылдак жакшы көрбөйт. Ансыз да денеси мээлүүн да. Бир күнү кожоюнга жакпаган бир окуя болуп калды. Кадимкидей эле баары өзү менен өзү гана алек. Каракөз күнгө кактанып жатан. Каракөз чочуп кетип маарап жиберди. Ышылдак зеригип отуруп, Каракөздүн жанына келди. Ал уктап жаткан. Анан Ышылдык Каракөздүн денесине ороло баштады. Жай гана ороло берди. Ышылдактын ыш-ыш дегенинен улак да ойгонуп кетти. Ойгонсо эле ааламат. Ышылдак акырын денесине оролуп атыптыр. Кыса баштаганын сезди. Коркуп, жаны оозуна келип, маарап да жиберди. Өтө аянычтуу маараганин угуп, Короочу чуркап келди. Окуяны да көрдү. А Ышылдактын жылмайгансып, Каракөздүн денесине орорло баштаганын, бул жөн эле Ышылдактын тамашасы  экенин да билди. Бирок ачуусу келип, Ышылдакка каттуу үрүп ырылдап, тап бере баштаганда гана, окуя татаалдаша баштаганын сезген Ышылдак, денесин бошотуп, тамашасын токтотууга туура келди.  Ышылдактын эбегейсиз чоң денелери Каракөздүн денесин бошото баштады. Бошонгон Каракөз, коркуп, көзүн алаңдатып, Ышылдактан качып кетти. Ушул маалда улактын аянычтуу үнүн уккан Мамат да келип калды. Баарын түшүнүп, бирок Ышылдакка ачуусу аябай келди. Анын ачуусунун заарынан зарканган Ышылдак корко баштады. Кечирим сурап гана кутула турганын билген Ышылдык тике туруп, Маматтын алдына акырын ийиле баштады. Бул кечирим суроо да Маматты канааттандыра алган жок. Жыланды жаза алуучу, көлөмү кичине ийинге кирүүсүн буйрук кылды. Ал жерге Ышылдак батпайт эле. Эптеп бүктөлүп батса болот. Бирок чыдашка болбойт эле. Кожоюн айтканын кайтпайт. Айтканын кылбасаң мындан да жаман болоруун Ышылдак билет эле. Айласыздан Ышылдак кичине ийинге кире баштады. Бул кожоюндун Ышылдак үчүн өтө оор жазасы болчу. Короочу да Ышылдака боору ооруду. Бирок тартип деген болуш керек. Эч кимдин бул жерде тартипти бузууга акысы жок эле. Бир гана улак баарына таң калды. Ышылдак тамаша кылганын эми түшүндү. Кеч болсо да ага боору ооруду. Ышылдактын көзү баарына жалооруп карап жаткан эле. Мамат ийинди жап кетип калды. Ышылдак өз жаза өтөөсүн баштады.  Чынында Ышылдак бул жаза өткөрүүчү кичине жана тар ийинге батпайт эле. Бирок жазасын алыш үчүн чыдаш керек экенин Ышылдак жакшы билет болчу. Бул тар ийинде биринчи эле жолу жаза алып жаткан жери жок. А тар ийинде кысылып, бүктөлүп атып зорго батып, анан көпкө ал жерде болуунун өзү да тозок экенин эң жакшы билет эле. Кожоюн айттыбы, ал бүтүм. Ал бүтүм талкууга алынбайт. Аткарыш керек. Короочу эми Ышылдакка боору ооруп жатты. Байкуш тар ийинде кандай гана азап тартарын Короочу жакшы билет болчу. Каракөз секинден гана бул жердин тартибине көнүп келе жатты. Буту да сакайып калды. Бул жерде бир канча кошуналары бар экенин убакыт өткөн сайын билүүдө. Дагы кар жаады. Ышылдак кожоюнга таарынып калды. Жаза алуучу ийинден жазасын алып чыкты. Ышылдак кышка даяр эле. Кышкы уйкуга кетүүгө даярдана баштады. Эбегейсиз чоң денесин кышкы ийинине жайгаштырып, акырын кыш мезгилине өтө баштады. Денеси акырын орточо муздоо абалына өтө баштады. Баш жагында топтолгон жылуулук, денесинин өтө мудзаган жерлерине акырын керегинче жөнөтүлө баштады. Кожоюн даярдаган азыктарды кабыл ала баштады. Булар тирүү коёндор болчу. Ал азыктарды өлчөмү менен гана кабыл алды. Узак кыщкы убакка Ышылдак толук өттү. Эми Ышылдактын тынчын жазга чейин эч ким албаш керек. Кожоюн да. Бул жердин жашоо мыйзамын эч ким буза албайт. Короочу болсо баардык тартипти көзөмөлдөйт. Короочу баарына так. Короочу да кышкы бөлмөсүнө көчтү. Каракөз баардык болуп жаткан нерселерге таң калып жата берет. Жумшак майин чөп улака жакты. Бул үйдөгү жашыруун сырлар дале катылып жаткан.Кыш чындап башталды. Туюк жакта кыш эрте түшөт. Жаз кеч келет. Кар дайым оор түшөт. Тышта ызгаар заарын чачып жатат. Суулар тоңо баштады. Биринчи кабаттан агып өткөн суу тышта тоңуп, үйгө киргенде гана тоңбой агып, сыртка чыгаар замат тоңуп калат. Бул сырдуу көрүнүштү өз колу менен жасаган, кожоюн өзү гана билет эле. Көп сырларды кожоюн гана ичте сактайт.  Узун кышкы түндөр башталды. Бул эки кабат таш үй кичине көрүнгөнү менен аябай эле кенен-кесири эле. Бөлмөлөр менен таанышып чыгуу үчүн бир топ эле убакты талап кылынат. А бул үйдүн тургундары менен да тез убакытта таанышуу мүмкүн эмес эле. Сыртта суук өтө катуу. А Эки кабат таш үйдүн бөлмөлөрдүн дээрлик баарынын жылуулугу 19 градустан төмөн түшпөйт. Бөлмөлөр жеңил кийинип жүрүүгө ыңгайланган. Бул үй курулганда эле тоо шартын эске алып курулган. Бул жерлерде көчкү дайым болуп турат. Ал жагы да эске алынган. 
     
                                               Уландысы бар.


Калмамат Турдубаев

Уики-китеп долбоору сизди күтөт![булагын түзөтүү]

Урматтуу колдонуучу! Сиздин жазгандарыңызды окуп чыктым жана алар жакшы жазылган экен.Уикипедияда кыргыз тилинде Уики-китеп, Уики-сөздүк, Уики-цитата ж.б.у.с. долбоорлор иштейт. Сиз Уики-китеп долбооруна атайын макала жазсаңыз жакшы болчудай.

Сизди терең урматтап, --Jakshysapa (баарлашуу) 14:38, 17 март 2016 (UTC)[жооп берүү]

                        К   Ө   Й   Г   Ө  Й   "БИЗ АЙТПАСАК КИМ АЙТАТ..."


Калкыбыз тээ илгертен эле ыйманды туу тутуп, аялзатын урматтап келген наркутуу эл. Ошондуктан, "кызга кырк үйдөн тыюу" деп коомдогу жат көрүнүштөрдөн оолак болуулары үчүн салтты, үрп-адатты каттуу кармашкан. Мындай учур артта калып, бүгүнкү "демократия" аталган заманда адамдар кайдыгер мамиледе болуп, ар ким өз турму тиричилиги менен убара. Чет өлкөлөрдүн таасири менен элибиз ар тараптуу өнүгүп, тажрыйбаларын иш жүзүндө колдонуп, мамлекетибиздин экономикасы өнүгүп жаткан кезде батыш

өлкөлөрүнүн жат көрүнүштөрүнүн бири болгон "түнкү көпөлөктөр" деген түшүнүк пайда болду. Алгач "көпөлөктөр" чоң-чоң шаарларды байырлап келген болсо, эми өрүштүү 

Өзгөндө кулач жайып, өнүгүп жатканы ачуу чындык экени талашсыз. Аталган жийркеничтүү көрүнүштөргө өз убагында өз убагында бөгөт коюу максатында аймактын көрүнүктүү энелери

энелери, белгилүү айымдар Өзгөн районунун администрациясынын башчысы А. Таажибаевке, Өзгөн шаарынын мэри С. Пратовко, райондук коопсуздук комитетинин
башчысы А. Мамаевке, райондук прокуратурасынын башчысы
М. Айтикуловго, РИИБнүн башчысы подполковник К.Рахмановдорго төмөнкүдөй кайрылуу жасашкан: Өзгөн шаары эң ыйык жерлерибиздин бири экени талашсыз. "Султаным Мунара", "Кылыч Бурханым" тарыхый мурас катары ЮНЕСКОго катталуунун алдында турат. Бул жерде Кулкожо Акмат Яссави, Имам Саракси сыяктуу башка малекеттерге
белгилүү аалымдар, улуу инсандар өткөн. Биз кайрылып жатканыбыздын себеби, союз убагында борбордук аймакта типтүү мейманкана бар эле. Союз тарагандан кийин ал имарат
менчиктештирилип, анын үчтөн бир бөлүгү сойкуканага айланып калды. Биз бул кайрылууга чейин бир канча ирээт ал жерге барып, сойкукананын кызматкерлерин эскертип, жогорудагы жайды жабууларын талап кылган убакта, бизди алар ар кандай оозго алгыс сөздөр менен тилдешип, ал гана эмес " ишенген адамыңарга кайрылгыла, колуңардан эч нерсе келбейт"-деп моюн толгошту. Андан бери бир топ убакыт өткөнүнө карабастан эч кандай жыйынтык чыкпай жатат. Ошол себептүү
алар талабыбызды аткаруунун ордуна бизнеске айландырып,

күн сайын кулачын жайып, тамырлап баратат. Акыры айлабыз

түгөнүп, райондук ички иштер бүмүнүн кызматкерлери менен барганыбызда, бизди көзгө илишпей, эшиктерин ачпай коюшту.

Ал жердин акыбылын сөз менен айтууга мүмкүн эмес. Анткени, ал жерде жапжаш туруп, бузулган кош бойлуу кыздар күнүмдүк жумушу сыяктуу эле жүрүшөт. Жашаган атмсферасы адам баласы эмес, айбан чыдагыс акыбалда. Ал гана эмес 21-кылымдын чумасы болгон "СПИД" оорусунун очогуна айланган десек жаңылыштык болбойт. Ошол себептүү "түнкү көпөлөктөрдүн" уясын бузуп, тезинен жабуу күндүн талабы деп эсептейбиз. " Бир карын майды, бир кумалак чиритет" дегендей Өзгөнүбүз ушундай арам жүргөндөрдүн айынан жаманатты болбош керек. Бул көрүнүштөр кино сыяктуу . Карап турсаң жаштар, бозуландар да, аялы барлар, бойдоктор, жаш-карылар

келишип жеке кумарын кандыруу "түнкү төшөк акысын" төлөшүп ар кандай шартта абалда. ыпылас ишке баруусу, көмүскө жердеги кино тасмасындай. Ушул окуяга көрүп турсаң да ишенүү өтө кыйын. Бул жат көрүнүшкө, Мамлекетибиздин мекенчил атуулдары намызданышып каршы чыгыууга туура келди. Бул биздин атуулдук милдетибиз. Татына жергебиз, таза болуш керек. таза болот дагы. Бул көрүнүштүн сценрарийин жазган бирөө болсо, көрүнбөгөн башкы каармандардын ролун ойногондор башкалар. Алар Кудайдан коркпой арам акчанын кулу болушуп алардын жарыбаган акчасын алышып, кылган кылмыштарын жаап-жашырышып жатканы да өкүнүчтүү. Чын эле ушунчалык күнөөгө батып, Жаратканды да унутуп калып, ыпылас ишти кылууну аликүнчө улантууну, эмне деп түшүнсө болот. Мейманкананын кожоюну, сойкукананы жаап эле башка ишкерлер сыяктуу эле талапка ылайыктуу ишкерликти жандантып, жумушчу орундарды түзүп, адал акча таап, эл керегине жарай турган пайдалуу иштерди кылса болбойбу? 

Атаганат десең. 21-кылымда да ушул ишке киришип, коомго, элибизге жат көрүнүшөр менен алп урушуп отурушун кантип түшүнсө болот? Ошолорду өз көзүкбүз менен көрүп, угуп кантип унчукпай коебуз. Бул жат көрүнүштү кантип билбей калабыз? Тийиштүү органдар кантип байкашпайт? Өзгөн шаарыбыздын нак ортосунда ушул жат көрүнүштөр мыйзам менен шарияттын да мызамын бузуп жатса. Баарыбыз баш ийип отурсак. Алардын жанында канча мечиттер бар. Аларды, мечиттин имамдары да көрүп-билишип, эч кандай жыйынтык чыгара алышпаган. Кудайдын эле күчү жетпесе, буларга эч кимдин күчү жетпейт окшойт. Чын эле бул сойкукананы кимдир бирөө колдоп жатабы деген ойго да барат экенсиң. Эмнеге райондук жетекчилер билсе да билмексен болушуп, тымпыйышып отурушат. Же буларга эч кимдин күчү жетпейби? Шаар жана район эли билишип, алы жетпей, болгонго каршылык кыла алышпай, бул жорук күнүмдүк көнүмүш адатка айланып баратканы да өкүнүчтүү.Бүгүнкү күндө заманга шылтоолоп, акча табуунун оңой жолун таап алган "шылуундардын", өсүп келе жаткан кыргыздын кырчын жигиттерин азгырып, ыпылас жолго салышып, ыпыластуулукка ууландырышканына, анан калса алардын дээрлик көпчүлүгүн айыккыс илдеттерге туш келтиргендерине да жооп берер күн да келер деген үмүттөбүз. Мындай абалга туш келген жигиттер гана десек жаңылыштык болот. Анткени аларга "кызмат" көрсөткөн жаш кыздарды да акчанын күчү менен азгырышып, алдын тагдырына балта чаабышып, алардын тагдырын бир тыйынга да баалашпай, тагдырларынын таш-талканын чыгаршып жатышканына кандай инсан тынч тура алат. Алар келечектеги кыргыздын учугун улаган аялзатына эмес "женил ойлуу шуркуяга" айланып баратканына кантип кол куушуруп отура алабыз. Ошондуктан, биз эне катары балдарыбыздын

кең келечегин ойлоп, ушул аруу жана татаал кадамга барууга бел байладык. Кыргызстаныбызды гүлдөгөн мамлекетке айландырып, дени сак,интелектуалдык деңгээли жогору,күчтүү, мамлекеттин эртеңин ойлогон жаштарды тарбияласак деген асыл ойлор менен ушул жат көрүнүшкө каршы чыктык. Улуу элибиздин уул-кыздары! Коомго жат көрүнүштөргө чекит коюп, жаркын келечегибиз үчүн "Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып" асыл жергебизди сойкулуктан арылтып, ушул ыпылас илдеттен жергебизди сактап калалы! биздиин ушул талаптарыбызды районубуздун бийлик органдары текшерип, адилеттүү чечим чыгарат деп 
ишенебиз! Кайрылып кол койгондордун тизмеси 53-адам болондуктан, алардын арасынан ушул демилгени көтөрүп калкыбыздын эртеңине кайдыгер карабаган энелерибиздин атарын атап өтөбүз:

1.З. Базарбаева. 2.С. Төрөева. 3.Ж.Жолдошева. 4.А. Махамадова. 5.Г. Акматова. 6.Т. Жунусова.