Колдонуучунун баарлашуулары:Мурадилла кызы Гулзат

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

АЛАБУКА РАЙОНУ — Жалал-Абад облусунун батыш бөлүгүн ээлеген админ район 1936-ж. Кызылжар районунан бөлүнүп, өзүнчө район болуп уюшулган 1956-ж. ага Чаткал району кошулган 1963-ж. Жаңыжол (Аксы) району менен биригип, 1969-ж. кайра бөлүнгөн. 1980-ж. Чаткал району андан бөлүнүп кеткен. Түндүгүнөн Чаткал, чыгышынан Аксы райондору, түштүгүнөн жна батышынан Өзбекстан менен чектешет. Аянты 3 миң км2. Калкы 74,4 миң (2002). Райондо 41 кыштак, 8 айыл өкмөтү (Алабука, Аккоргон, Актам, Биринчимай, Көксерек, Көкташ, Өрүктү, Ызар айыл өкмөттөрү) бар. Борбору — Алабука кыштагы. Райондун аймагы көбүнчө Чаткал кырка тоосунун түштук-чыгыш тармактарын жана Фергана тоо тизмегинин этегиндеги адырларды ээлейт. Рельефи негизинен тоолуу. Чаткал кырка тоосунун капталдарынан түстүү жана сейрек кездешүүчү металл кендери ачылган. Сумсар жана Кабасай кендеринин мааниси зор. Курулуш материалдарына да бай. Климаты континенттик, кургакчыл. Адырларда январдын орт. температурасы —10° С, июлдуку 30° С, тоо-лордо январдыкы —20° С, июлдуку 20°С. Жылдык жаан-чачыны тоо этектеринде 300—400 мм, тоолордо 600 ммге чейин. Райондун аймагынан Алабука, Чаначсай, Терексай, Сумсар, Кабасай суулары агып өтөт. Бул суулар райондун жана Өзбекстандын жерлерин сугарууда пайдаланылат. Касансай суусунда суу сактагыч курулган. Райондун деңиз деңг. 1500 м бийиктикте ачык, кара боз, 2600 м бийиктикте кара кочкул, айрым жерлеринде кара топурак тараган. 1300—2500 м бийиктикте (Чаткал кырка тоосунун капталдарында) тоо-токой топурагы басымдуу. Андан жогору тоо шалбаа топурагы мүнөздүү. Тоо этекте-риндеги түздүктө жана адырларда чекенди, улам жогорулаган сайын шыралжын, эрмен-шыбак, бетеге ж. б. өсүмдүктөр өсөт. Тоо кап-талдарында алча, алма ж. б. аралаш жаңгак, деңиз деңг. 3000 м бийиктикте арча токою, андан жогору субальп шалбаасы-жайыт ээлейт.

Колдонулган адабияттар:ISBN 9967-14-006-2 © Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору,

ЖЕЛ УРАН КЕНИ Ысык-Көл облусунунТоң районунда, Тескей Ала-Тоонун түн. жагында, Ысык-Көлдүн түш. жээгинде, Кажысай шаарчасынын жанында, деңиз деңг.1760–1860 м бийиктикте. 1946-ж. табылган. 1946–48-ж. геол. чалгындоо иши жүргүзүлгөн. Кен негизинен казылып алынып бүткөн. Кен аймагы триастын жана юра мезгилдеринин терригендик чөкмө катмарларынан түзүлгөн. Рудалануу көмүрлүүюранын жел свитасы менен байланышкан.Жел свитасы боз түстөгү чопонун, көмүркабаттарынан, алевролиттердин жана кумдуктардын кат-кат болгон катмарынан турат. Бул свитанын чопо жана көмүр кабаттарында урандын минералдары кездешет.Алар негизинен көмүр кабаттарынын жогорку бөлүгү менен байланышкан. Көмүрдөгү урандын өлчөмү миңден бир проценттен ондон бир процентке чейин өзгөрүп кез-кезде 23% түзөт. Айрым учурда урандын өлчөмү 45%ке чейин жетет. Негизгиуран минералдары: шрекингерит, урандын көөсү, уранинит, урандын гуматтары, карноитит жана руда минералдары: пирит, марказит, ярозит, лимонит, молибденит. Урандын рудадагы өлчөмү 0,066% жана болжолдуу ресурсу 649,25 m.

Колдонулган адабиаттар:ISBN 9967-14-006-2 © Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004

Category:Кыргызстан Category:География