Колдонуучунун баарлашуулары:Нафиза

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан


Устукан тартуу маданияты Устукан тартуу малдын туруно жараша тартылат. Эгерде бодо малдын эти болсо, уча эн улуу устукан деп эсептелет. Аны ардактуу мейманга , же улуу эркек адамга тартат. Учаны тарткан жигитке жолдугун кылып, ырымга акча берет. Ысыккол жана Нарын тарапта бодо малдын аркасы, жамбашы андан кийинки устукандар болот. Андан сон карчыганын кабыргасы эсептелет. Ушул эки аймакта бодо малдын чон жиликтерин устуканга тартпайт. Койдун устукандары да Ысыккол жана Нарын аймактарында ирдей мааниге ээ. Кун жиликти дасторконго тартпайт, аны ашканада тамак даярдаган келиндер жейт. Ал эми куймулчак негизгиси болот да, ардактуу байбичеге тартылат. Башты бул жактарда жаштарга тартат. Анын теренинде карылыкка жетип,муун улап, башка баш кошуп, бизге окшоп, улуу устукан алганга жетиш деген маани бар. Баш устаканга кар жилик кошуп тартат. Кар жилик эркектин жан жолдошу, каруу-кучу деп эсептелет. Алыска кетсе, жанына ала кетип уйго, керегенин башына сайып коюшкан. Бул- уйдогу эр адамды алмаштырат, кайтарат дегенге тете. Казанга этти салаардан мурда биринчи кар жиликти салат. Бул да берекенин символу болгон. Андан кийинки устукандар: жамбаш, жото жилик, кашка жилик, карчыганын кабыргалары, далы аркалар устуканга кошумча тартылат. Таласта жана Чуйдо кун жилик та устукан катары тартыла берет. Баш улгайган урматтуу адамдарга тартылат. Булар улуттук- каадалуу маданият. Дагы бир айта кете турган нерсе – кыргыздар эч убакта тиши менен этти тиштеген эмес. Дайыма жанында макиси болгон. Тиштеп жеген жырткычтарга муноздуу деп эсептешкен. Дасторконго отурганда жана эт жеп буткондон кийин да суу куят. Суу болгон колду арчуу учун суулук колдонулат, эт жеген колду аарчыш учун майлык колдонулат. Майлык менен суулуктун айрымасы- ушунда.

Урматтуу Нафиза, аракетиңизге чоң рахмат! "Жамаат порталында" (Кыргыз Уикипедиянын ар бир барактын сол тарабында) жоболор жаңы макала баштоого жардам болоор. Башбарактын Баарлашуу барагында Башбарак тууралуу талкууга коюлган пикирлер жазылат, Сиздин Колдонуучу барагыңызга Сиз тууралуу кыскача мааламат жайгаштыра аласыз, Сиздин Баарлашуу баракчаңызга башка колдонуучулар ой-пикир-суроолорун жазышат. Ишиңиз илгери болсун! --AidaBishkek 16:51, 6 Ноябрь (Жетинин айы) 2011 (UTC)