Колдонуучунун баарлашуулары:Шакаркан

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан
Жээк калтырып башталган сап
                   Кызыл-Кыя шаардык борборлоштурулган китепкана 
                                 тармагынын тарыхы.
        Кызыл-Кыя шаарынын борбордук китепканасы 1947–жылы 20–январда негизделген. Кызыл-Кыя шаарындагы Рудник поселогунда кызыл чайханадан бир комнат болунуп китеп менен камсыздалган. Бул китепкананын биринчи негиздоочусу Бекбаева Надежда Михайловна болгон. 

1951-жылы шаардык борбордук китепкана деп аталган. 1974-жылдан баштап борборлоштурулган китепкана тармагы болуп эсептелет. Бул борборлоштурулган китепкана тармагы 6 китепкана филиалын, шаардык 3 профсоюздук жана мектеп китепканаларын бириктирип, методикалык жардам корсотуп келген.

       Кызыл-Кыя шаарында китепкананын жаралышы шаарыбыздын маданиятынын,илиминин жана экономикасынын онугушуно чон салымын кошкон. 1951-жылы борбордук китепкана болуп жарыяланган кундон баштап Кыргызстан тууралуу, шаар жонундогу материалдарды издеп табуу, чогултуу жана аны жалпылоо боюнча иштер колго алынган. Экономика, тарых жана маданиятты пландуу, ар тараптуу изилдоо маселелери которулуп, ар тармактуу адабияттарды окурмандарга оз убагында маалымдап туруу учун библиографиялык колдонмолорду тузуу зарылчылыгы келип чыккан. 1963-жылы китепкана учун ылайыкташтырылган имарат курулуп, пайдаланууга берилген.

Откон он жылдыктар китепкана ишине коптогон жетишкендиктерди алып келди.Китепкананын китеп фондусу, анын окурмандары ото ылдам тепм менен осту. 1970-1985 жылдар аралыгында республикалык китепканалардын арасында, анын ичинде Ош областында биздин китепкана бирден-бир алдынкы орундагы китепканалардын катарына кирген. Бул жетишкендиктер коп жыл директор болуп эмгектенген Соколова Анна Ивановнанын жана анын жакшы тандалган коллективинин жемиши. Китепкананын жетишкен ийгиликтерине Шайбакова Нелянын, Белоусова Людмиланын, Куслина Ольганын, Аглямова Мариянын, Мязина Зоянын, Луценко Еленанын,Турдахунова Тамаранын, Кудайназарова Тилланин, Богданова Татьянанын, Горбик Татьянанын, Тургаева Нуриянын, Осмонова Уркуянын,Юсупова Чынаранын, Алимбекова Шадыгулдун жана башкалардын кошкон салымы чон.

                                        Б У Г У Н К У   К И Т Е П К А Н А
    Ал эми азыркы учурда баардыгы болуп 5 китепкана иштейт.Бул китепканаларда оз кесибинин чыныгы чеберлери болуп эсептелген 14 китепкана кызматкерлери эмгектенишет. Алар: Максытова Шакаркан, Исакова Гульнара,Меркулова Татьяна, Туркбаева Гульжан, Кошокова Махабат,Искова Насиба,Милованова Инна,Ирисова Анар,Исакова Ситора,Абдуллаева Насиба,Жунусова Ташканай,Жоробаева Жумагул,Матаева Айнура,Хаметова Рамиля.Китеп фонду 141376 нусканы тузот жана жыл ичинде китепкана кызматынан 9 мин окурман пайдаланат.

Азыркы учурда китпкана кызматкерлери учурдун талабына ылайык жарыяланып жаткан указдар,токтомдор,мыйзамдар,чечимдер менен окурмандарды кенири тааныштырып,ишке ашырууду.Элге комок корсотуп, тейлоонун жаны ыкмаларын колдонуп, элибиздин руханий маданиятынын мыкты улгулорун жайылтууда. Китепкана эл урматтаган байыркы жана ыйык тушунук, аны ар бирибиз онугуп жаткан мадантиятыбыздын жандуу булагы катары баалашыбыз зарыл. Мурунку учурга кайрылсак социалисттик доордогу китепканалар негизинен коммунистик идеологиянын эн чон куралы болуп кызмат отогон. Бул учурда китеп фондулардын копчулугу саясий китептерге жык толуп, улуттук озгочолугубуз, окурмандардын талабын эске албай калган учурларга туш болгонбуз. Китепканаларыбыз бут кыйынчылыктарды женууго оздорунун куч аракеттерин жумшап, республикалык масштабда жакшы иштерди алып барууда. Республикада копчулук китепканалар иштеринде жаны технологияларды колдонуу ыкмалары менен иштеп жатышат. Ал эми айылдык китепканаларыбыз дагы эле болсо жаны технологиядан алыс эле шартта иш алып барууда. Китепканага эл келбесе ал оз милдетин аткара албай жаткандыгын далилдейт.

       Борбордук китепкана методикалык борбор болуп саналат. Китепканаларда  жаш оспурумдорго, жалпы эле окурмандарга ылайыктуу  кыргыз тилиндеги  адабияттар; жалпы эле кыргыз тилин  уйронууго жана кыргыз тил мыйзамын онуктурууго арналган  методикалык китептер жетишсиз.Ошого карабастан шаардык борбордук китепканада жана балдар китепканасында даталуу кундорго карата ар турдуу темада массалык иш-чаралар отуп турат.Буга мисал:
23-апрель «Автордук укук жана буткул дуйнолук китептер кунуно» карата шаардык борбордук китепканада областтык денгээлде семинар болуп отту. Семинарга Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Рахматуллаев Жалалидин, маданият болумунун башчысы Кулматова Т.Х ошондой эле Баткен облусуна караштуу райондук,шаардык маданият болумунун башчылары,  китепканалардын директорлору жана методистери,ЖОЖдын,мектептердин китепканачылары ошондой эле Кыргызстан Жазуучулар союзунун мучосу,Республикалык «Нурборбор» жаштар чыгармачылык бирикмесинин Баткен облусу боюнча торагасы,»Кош данек»,»Мамактан чыккан махабат», «Ата-Журтка таазим»,»Казан асманы» ырлар жыйнагынын жана «Желедеги коз жаш» повестинин автору акын Сабыралы Абдукаримов, «Мен бактылуу энемин» китебинин автору Кабылова Уулбубу  жана акын Исаева Галдар  катышышты..

Кундун экинчи жарымында китепканачылар учун «Китепкана тармагын онуктуруу учур талабы» деген темада тегерек стол болуп отту. 1-июнь Балдарды коргоо кунуно карата жыл сайын балдар китепканасынын китепканачылыры Молдо Гулмат атындагы маданий эс алуу паркында кызыктуу оюндарды, викториналарды откоруп турушат. Ошондой эле мумкунчулугу чектелген балдар учун балдар китепканасында концерттик программа уюштурулду.

   Жайкы каникул ичинде балдар   китепканасынын окуу залында мектепке чейинки балдар учун ар турдуу оюндар откорулуп ,орус,кыргыз, озбек тилинде жомоктор окулуп берилди. 

3-июнь куну Китепкана-Интернет маалымат борборунда «Китеп жана Интернет» деген темада диспут болуп отту. Бул иш-чарада студенттер арасында китеп менен интернеттин айырмасы,азыркы учурда интернеттин пайдасы жана зыяны тууралуу кызыктуу талкуу болду. 26 – август куну борбордук китепканада мектеп китепканачылары учун семинар откорулду. Бул семинарга шаардын 13 мектебинин китепканачылары катышышты аларга жылдык план тузуу боюнча методикалык жардам корсотулду жана окурмандар менен иштоонун жаны ыкмалары уйротулду.

      Кызыл-Кыя шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын № 2 филиалы айыл жеринде жайгашкан жана 2 китепканачы эмгектенишет.
      Биздин максат айылдык китепкананын базасында « Ата-энелер клубун» тузуу, уй-булолук окууну оркундотуу, айылдык китепкананы социалдык жана мультимедиалык мейкиндикке чыгаруу.

Улуттук маданиятыбыздын башаты – айылдан башталат, айылдык китепканалардын материалдык- техникалык базасын чындап, жаны китептер, мезгилдуу басылмалар менен камсыздап, урп-адат,каада-салттарды, улуттук доолотторду даназалаган – интеллектуалдуу айылдык жаштардын осуп чыгуусуна шарт тузгон китепканачы жана жергиликтуу бийликтин кызматташуусу аркылуу Интернетке уланган маалыматтык борбор-моделдик китепкананын ачылуусу айылдыктардын коптон-коп куткон максаты.

       		«Ата-энелер клубунун»  иш планы:

Жаштар жана оспурумдор менен иш алып баруу Окурмандардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу. Заманбап технологияны колдонуу менен окурмандар учун кызыкттуу иш чараларды откоруу ( презентациялар,викториналар, оюндар,жолугушуу кечелер, конкурстар). Кенже балдарды ата-энелер менен бирдикте уй-булолук окууга чакыруу. Мектеп, бала бакчалар менен биргеликте иш алып баруу. Айылдагы белгилуу инсандар менен иш алып баруу «Жомоктогу каармандар». Мектеп жашындагы кенже балдарга угуза окууларды откоруу. Ал эми жакынкы жылдар аралыгында шаардык китепкананын узгултуксуз аракеттенуусунун, жергиликтуу бийликтин жетекчилигинин колдоосунун натыйжасында китепканалардын материалдык-техникалык базасын чындоо максатында Караван аыйлдык китепканага жана шаардык №1 филиалга бирден компьютер сатылып пайдаланууга берилди жана айылдык китепкана учун башка заман талабына ылайык имарат берилип ремонттон откорулду. Китепканадагы китеп окурмандарды тейлоодо жаны ыкмаларды пайдаланып, окурмандардын суроо-талабын заман талабына ылайык канаатдандыруу,китепкананы жаштардын маалыматтык борборуна айландыруу учун талыкпай эмгектенип келуудобуз.

З А М А Н Б А П К И Т Е П К А Н А

     Бугунку кундо шаардык китепкана жаштардын маалыматтык борборуна айланган.

АКШ нын мамлекеттик департаменти менен Эл аралык изилдоо жана алмашуу окулчулугу (Айрекс) программасы ишке ашырган «Билим беруудогу заманбап технологиялар» жана «Жаштардын санарип маеги» долбоорунун, Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын жана маданият болумунун колдоосунда «Китепкана маалымат борбору» ачылган. Китепкана заманбап компьютердик технологиялар менен жабдылган жана Интернет WI-FI зонасына туташтырылган. Каалоочулар учун 2 апталык компьютердук курс ачылып иштеп жатат. Айылдык китепкананы онукуктуруу жана уй-булолук окууну оркундотуу максатында долбоор жазылып 4 мин доллар грант утуп алдык азыркы учурда китепканага 4 даана компьютер, ксерокопия,принтер,телевизор, DVD, проектор, кыргызча адабий жана жомок китептер сатылып алынып, интернет кызматына уланды.Бул долбоор АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланды.