Колдонуучунун баарлашуулары:Aiyanakk
Тема кошууHotcat-ты колдонуңуз
[булагын түзөтүү]Акыркы түзөтүүлөрүңүздү карап чыктым. Баракта категорияны кошконго же оңой алып салганга Hotcat деген гаджет бар. Ошону кошуп алсаңыз болот. Ал үчүн жогоруда оң жакта Парамертлер бөлүмүн ачканда Гаджеттер дегендин ичинде. --Раскольниковдун иниси (баарлашуу) 22:28, 23 март 2026 (UTC)
- Рахмат, колдонуп көрөм. Aiyanakk (баарлашуу) 21:06, 24 март 2026 (UTC)
Өчүрүлгөн макалаларды калыбына келтирүү өтүнүчү
[булагын түзөтүү]Саламатсызбы! Эки макала өчүрүлгөн экен. Себебине: "Энциклопедиялык эмес макала" деп түшүндүрүпсүз. Кайра калыбына келтирсе болобу? Эгер кемчилиги болсо айтсаңыз, кайра толуктайын. Бул инсандар менимче сиз айткан баалуулукка шайкеш келет. Ар тармактуу кесиптин ээлери. Алардын эмгеги, жасаган иштери, чыгармалары тууралуу материалдар салмактуу басылмаларга чыккан. Далилдөөгө булактар жетиштүү. Китептери басылып чыккан. Эмгектери башкаларга өрнөк. Балким, макалада айрым нерселер камтылбай калгандыр. Эгер макаланы кайтарып берсеңиз, сунуштарды айтсаңыз, кайра толуктап чыгарайын. Иишиңизге ийгилик! Мен аз да болсо кыргызча контентке салым кошкум келет. Тажрыйбамды арттырып, вики маалыматтарды толтуруу жаатында көп иштерди жасагым келет. Алдын ала ыраазычылык билдирем. Turganbek (баарлашуу) 10:34, 1 апрель 2026 (UTC)
- Саламатсызбы!
- Кайрылганыңыз үчүн рахмат.
- Жакында эле ушул маселе боюнча талкуу болуп, энциклопедиялык маанилүүлүк талаптарына жооп бербеген же жарнамалык мүнөздө жазылган макалаларды өчүрүү сунушу тажрыйбалуу википедиячылар тарабынан киргизилген. Сиз жазган макалалар «өчүрүүгө талапкер» катары белгиленгендиктен өчүрүлгөн.
- Сиздин сунушуңуздун негизинде макалалар калыбына келтирилди. Бирок макалалардын талкуу барактарына жазып, маселени биргеликте талкууласак жакшы болот.
- Суроолор болсо жаза бериңиз. Ийгилик! Aiyanakk (баарлашуу) 19:52, 5 апрель 2026 (UTC)
Ыраазычылык
[булагын түзөтүү]Салам. Макаланын аталыштарын массалык түрдө булаксыз өзгөртүргөн колдонуучу тууралуу соңку күндөрү кайрылууну ойлоп турган элем, бүгүн кирсем бөгөттөп коюптурсуз. Эң туура болду деп ойлойм. Ишиңизге ийгилик! Baydastann (талкуу) 20:42, 5 апрель 2026 (UTC)
- Рахмат, колдооңуз үчүн! Aiyanakk (баарлашуу) 21:39, 5 апрель 2026 (UTC)