Колдонуучунун баарлашуулары:Bokoev

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Черик, уруу[булагын түзөтүү]

Кара-Черик-оң канатка кирет, Кара-Кыргыздагы 40 уруунун эң улуусу.

1) Кытайлык Анвар Байтур 5-6 к. Эне-Сай доорунда чериктер деген түшүнүк “мамлекеттик аскерлер” деген маанини берет деп жазат.

2) Чет элдик окумуштуулар: Енисей кыргыздары өздөрүнүн Улуу дөөлөттүк мезгилин VII-к. аягында баштап, Х-к. биринчи чейрегинде /Барсбек ажоо, Алп Сол/ аяктайт деп белгилешкен. К.Петров, А.Маргулан, Т.Акеров ж.б. пикирлеринде: VIII-к. аягында Енисейде турган кара-кыргыздар өз мамлекеттүүлүгүн жоготкондо 40 уруу кара-кыргыз арасынан сибирде турган Ширик бий 40 чоросунун коштоосу менен биринчи болуп азыркы Кыргыз жерине келет. Ширик бий менен кыпчак ханы биригип кыргыз-кыпчак бирикмесин түзөт. Ширик бийдин Алты-Ай /Сибир/ менен Жунгар /Чыгыш Түркстан/ талааларына енисей-сибирден келген кыргыз урууларын бириктирип бир эл бир журт кылып калыптандыруудагы жеке оорду тарыхта зор экендигин тастыкташкан. Ширик бийдин Увай, Ногай /Ногойдон-Жакып хан андан Айкөл Манас/ ал эми экинчи уулу Орыс /Орустар- алп денелүү, кызыл жүздүү, коңур чач, көк көз келишет...Адамдары өтө баатыр келип, кошуна элдер коркунуч ичинде турушат... Кундуз, суусар терисинен кийим кийишет/ деген үч баласы болот.

3) VIII-к. аягында Енисей-Сибирден 40 чоросу менен келген Ширик бийдин чигилдери IХ к. Кашкар шаарына Кара хан мамлекетин түптөйт. Профессор З.Эралиевдин көз карашы боюнча Караханийлер мамлекетинде жетектөөчү ролду ойногон чигилдер-жергиликтүү кыргыз уруусу болгон деген маалымат кандай гана сыймыктуу. Аталган мамлекет IХ-ХII-кк. Кашкар шаарынан баштап Чыгыш Түркстан, Теңир-Тоо, Ала-Тоо, Барскан, Баласагын, Ате-Башы, Кочуар-Башы, Ош, Батыш Түркстан Ташкент, Букар шаарларына чейинки жер-сууларга ээлик кылат. Мамлекетти башкарган Сатук Буура Кара каган 901-ж. Кашкарда төрөлүп 12 жашка чыкканда исламды кабыл алып, 955-ж. каза болот. Анын уулу Муса Байтыш 955-ж. ислам динин каганаттын расмий дини кылып жарыялайт. Азыр дагы Ате-Башы /Кошой-Коргон/ шаарынын төмөн жагында “Буура-Хандын сазы” же болбосо райондун аймагында “Буурахандын бурдурган суусу” деген тарыхый жер-суу аталыштары бар.

4) 1331-ж. дүйнөлүк картага Ате-Башы шаары түшкөндө шаардын ээси Моголстан аттуу мамлекетин бийлик эгеси кара-кыргыздардын биринчи башкы башкаруучусу, түп атасы, эмир, улуу кол башчы Баймурат-Черик 59 жашта экендиги кызык. Евразия тарыхы Баймурат-Черикти: Аңга-Төрө, Эмир-Анкатура, Инга-Төрө, Енге-Төрө деп аташкан. Моголстанда жашаган Чынгыз хандын урпактары жана төбөлдөрү Самаркандык баскынчы Аксак-Темирдин саясатына каршы ачык күрөш жүргүзө албай өздөрүнүн мококтугун көрсөтөт. Ошондо 40 уруу кыргыздардын улуу кол башчысы Баймурат-Черик өз күчү менен Аксак-Темирдин Сайрам, Ташкен шаарларын каратып алып Анжиянга жортуул жасайт. Натыйжада Аксак-Темир 1390-ж. совет чакырып уулу Өмөр Шейхтин 20 миң регулярдуу армиясын кошуп Баймурат-Чериктин аппак боз үйлөрдөн курган Нарын менен Ата-Башы шаарындагы хан ордосуна кол салат. Бул эки улуу кол башчынын салгылашына көз салып турган Евразия калкы бул согуш «дүйнөдөгү башка согуштардан өтө кандуулугу жана ырайымсызыгы менен айырмаланат» деп жазат. Ошол Ата-Мекенин коргогон кыргыздарды евразия тарыхы «Моголстандын жапайы токой арстандары» деп аташкан. Баймурат-Черик менен анын агасы Оң хандын уулу Алтын Ордо ханы Токтомуш экөөнүн жер бөлүшкөндүгү кызыктуу. Анда Ташкенттен Могол тоосуна чейинки зор аймактарга Баймурат-черик, ал эми Ташкенттен-Адил /Волга/ дарыясына чейинки зор аймактарга Токтомуш ээлик кылат. Баймураттын Ахмед, Бекназар деген баласы болот. Ахмед хандан Ак-Чубак, Бай-Чубак, Молдо-Черик, Дубан-Черик, Кара-Черик, Мухаммед-Бек таркайт. Баймурат бир баласына Ахмед деп акыркы сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед-Мустафанын атын койсо бир небересине Мухаммед-Бек /уламышта Тагай бий/ деп ат коет. Муну менен ошол Моголстанда жашаган кыргыздар 5 маал намаз окуп, 30 күн орозо кармашат. Баймурат жалпы кыргыз мусулмандарынан сырткары кээ бир түрк тайпаларын кошуп Нарын, Ате-Башы шаарында туруп башкарат. Ошол Баймуратка Барскан, Кочуар-Башы, Ате-Башы, Ташкент, Кашкар, Анжиянга окшогон борборлор /шаарлар/ баш ийет. ХIV к. фарс тилинде жазылган Мажму-атут-товарихте: Баймурат-Черик кадимки эле Манастын «муруту» болгон дейт. Эгерде «сакалы» болгон деп жазылса анда ал Манастын атасы Жакып хан болмок. Демек тарыхта жазылгандай Манастын «муруту» болсо анда ал улуу тарыхый инсан Манастын агасы, акеси, байкеси, бабасы эпостогу Кан Кошой /экинчи аты-К.Б./ экендигинде талаш жок. Кулжыгач-төрөнүн уулу Баймурат-черик 1390-ж. аалам салат. Бир кабарда Баймурат-чериктин неберелери Мухаммед-бек /Тагай бий/ менен Кара-Черик бийлик, жер талашып согушуп жеңиш Тагай бийге ыйгарылат. Тагайдын жигиттери согуш талаасынан өлгөн-житкендерди карап, тактап жүрүп алтын бешикте бөлөнүп жаткан баланы бийге алып келишет. Баланын мойнундагы тумарын ачтырып окуттурса баланын аты Жаманак болот. Агасы Кара-Чериктин аты өчүп калбасын деп Тагай асан чакыртып кайрадан бешиктеги балага Черик деп ат койдурат. 1533-ж. Тагай бий Кашкар шарында камакта жатып өлөөрдө керээз кеп кылып уулу Жаманак-Черикке Алтын Туусун калтырат. Жаманак-Черик өз элине хан болуп шайланып акылдуу, эстүү, кайраттуу, эр жүрөк болуп өсөт. Ошол Жаманак-Чериктин эрдигин даңазалагандар: Ай-кулагы шака-шак, Айда баатыр Жаманак. Күн-кулагы шака-шак, Күндө баатыр Жаманак. О…Жаманак, Жаманак, Урунаарга тоо барбы, Урушаарга жоо барбы, Жаманак жоодон жеңилбейт…деп ураан салып Кыргыз-Уйгур, Кыргыз-Кытай чегин аныктап, коргоп келишкени чындык.

5) Дүйнөлүк мааниге ээ тарыхтын бири Кыргыз-Казак журтун 1652-1758-жж. Калмак хандыгынын басып турушу. Катуудан казан-жумшактан күл калган калмак чапкынына чыдай албаган бугу, солто, сарыбагыш, саяк, азык, моңолдор ж.б кыргыз уруулары Ала-Тоосун Баймурат-чериктин урпактары Ашым бий менен Боогачы баатырга, хан Онтогор менен Карагул баатырга, Тоймат шер менен Сазан баатырга, Токтобай менен Максүт бийлерге таштап азыркы Тажикстандын Куляб деген жерине жер которот. Ошонтуктан казак-кыргыз элинде «казак кайың сааганда-кыргыз кулябга кире качканда» деген элдик тарыхый макал ошол мезгилден бери жашап келет. Калмак чапкынында Кулябда жүргөн кыргыз уруулары 5-6 атага чейин көбөйсө черик уруусу ала-тоосунан кетпей калмактар менен жүз жыл жанаша жашап “кеси келсе колуна курал алып кармашып” жатып 5-6 атага чейин кырылат. Цин кытай империясы 1757-1758-жж. “Миллиондон ашык” Калмактарды жер менен жексен кылып, кырып жоюп азыркы Кыргызстанды кыргыздарга бошотуп берет. Цин армиясынын куугунтугуна калган Калмактар азыркы Россиянын аймагына кире качып аман калат. 1759-ж. Тоймат-шер менен Сазан баатыр, Токтобай менен Максүт бий Ху-та-ли /Кут-Аалы/ аттуу элчисин Түп-Бээжиндин өзүндөгү Пань-шань Цзинь цзи сарайында турган Кытай императоруна жиберет. Император менен Элчи бетме-бет жолугуп император Нань-юань деген жерден ызат көрсөтүп салт боюнча фейерверк /салют/ аттыртып сый тамак уюштуртат. Бүткүл Кытайды “чечек” орусу каптап өлкөгө коркунуч келип тургандыгына карабай кыргыздардын кызыкчылыгы үчүн Пекинге келген черик Кут-Аалы Кытай императору менен эл аралык маанидеги эки маселе чечкен. Биринчиси: Кашкар чегинен Кыргыз-Кытай чек арасын аныкташса, экинчиси калмактардан чыгыш түркстанга тентип кеткен 1000 /миң/ түтүн элди 1760-ж. Ат-Башы-Нарынга көчүртүп келет. Кытайдын «Си-Юй-ту-чжи» булагында Цин империясынын кол башчысы /Чжао Хой-К.Б./ 1759-ж. Юмат /Ногой кыраандын уулу Тоймат-шер-К.Б./ бий башында турган чериктерге чыгыш-батыш буруттардын ортосунан жолуктургандыгын жазат. Анын карамагында 200 түтүн эл болгон дейт. 1995-ж. профессор С.Аттокуров “Кыргыз санжырасы”, 1996-ж. ХVI-к. фарс тилинде жазылган Мажму-атут-товарих тарыхы О.Сооронов ж.б. тарабынан кыргызча которуп басмаканадан чыгаргандан кийин “көбүртмө” санжыралар менен “өрдөк учурмайлар” кан буугандай токтойт. Ошол калыс окумуштуу С.Аттокуров: кара-чериктер 1748-1760-жж., 1916-1920-жж. кытайга качкан кайткан кыргыздарга жардам көрсөтүшүп аларды ачкачылыктан сактап калган дейт. Буга кошо турган маалыматтар бар: Биринчиси 1877-ж. декабрь айында кытайдан кыргыз жерине качкан дунгандарды, 1855-1875-жж. ысык-көлдө болгон сарбагыш, саяк, бугу чоң чабыштарынан кийин 1882-ж. Орус өкмөтү менен Кытай мамлекети түзгөн Петербург келишимине ылайык аталган уруулар көлдү таштап жер которуп кочкор-нарын-атбашыга көчүп келгенде, 1916-ж. Үркүндөн качкан кайткан кыргыздарды ж.о.э. 1920/30-жж. жокчулуктун айынан Алма-Ата, Астанадан узак жол басып Нарынга келген казактарды теңир-тоолуктар “черик жарма“ менен ачарчылыктан, “чериктин тепме чокою” менен Нарын, Ат-Башынын кычыраган кышкы суугунан сактап калышканы тарыхый чындык.

6) Белгилүү этнограф орус окумуштуусу Н.А.Аристов 1866-ж. Нарын, Ат-Башы, Ак-Сай, Какшаал, Кашкарга чейинки кыргыздарда болуп: «черики занимают бассейны р.р. Атбаши и Аксая и делились, по сведениям 1866 года, на четыре отделения: первое из них-Карагул-подразделялось на ногой, кончой и назар; второе-Сазан /Онтогор-К.Б./-делилось на тагай /Тагайболот-майлыбаш-К.Б./ и сарыкөбөн; третье-Үч-Тамга-на четыре подразделения: бакты, кызылтукум, дубан и сарыча; четвертое-Ак-Чубак-подразделений не имело” деп жазып кеткен экен. ХVII-к. жашаган Теңир-тоолук Санчы-Сынчы Ала-Мышыкта турган Боогачы баатырдын балдары Онтогор, Карагул, Бөкөнү сындайт. А дегенде Карагулду атап бул балаңдын колуна кылыч берип жоого кой, экинчи Онтогорду атап бул балаңдын колуна найза берип душмандагы доого кой, андан кийин Бөкөнү /Майлыбашты/ карап бул балаңдын колуна таяк берип малга кой деген экен. Ошол эле сынчы хан Онтогорго Үрүмчү менен Кашкардын ортосунан кезигип кыбыланы карап алакан жайып: «Тукумуң журтка жайылсын, тууң түшпөс, туйгундарга байырсың, тулпарларың алга озоор, эл билген балдарың баш кошоор, казанга бай, кайратман балаң Сазан болоор, эки эл чабышып эрлер өлүүчү доолорду чечээрсиң, эки дүйнөң кем болбос эл башкарып өтөөрсүң» деп бата берет. Эл оозунда ХVII-к. бери жашап келе жаткан Санчы-Сынчы олуянын айтканы менен ХIХ-к. орус окумуштуусу Н.А.Аристовдун жазып кеткени бири-бирине төп келиши кызыгууну жаратат. Орус окумуштуусу Ч.Валиханов: Нарындан-Кашкарга чейинки аймактарга ээлик кылган Турдуке баатыр менен хан Карымшак ж.б. башында турган чериктер 1840-ж. баштап Кокон хандыгына салык төлөөдөн таптакыр баш тарткандыгын жазган. 500дөн 1000ге чейинки сарбаз кармап турган Куртка-Чебинин беги Мамыразык эки жыл бою чериктердин бул көтөрүлүшүн басып туруу үчүн Анжиян бегинен 700дөн кошумча сарбаз сурап турганга мажбур болгон дейт. Казак Кененсары Касым уулунун 1847-ж. экинчи жолку Ала-Тоону басып алуу үчүн 20 миң колу менен жасаган кандуу чабуулун профессор К.Усенбаев: “Жолборс чапкан Төрөгелдинин жоокерлери Ажыбек баштаган черик жоокерлеринин колдоосу алдында казак Ноорузбай-Төрөнүн колуна орчундуу кысым көрсөтүшкөн эле. Төрөгелди баатыр бир нече жолу жигиттеринен ажырап эр жүрөк казак жортуулчуларынын курчоосунда жалгыз калып алар менен колго түшпөй салгылашып жатканда Кыргыздын ыйык туусун көтөрүп чачыранды боюнча бириккен кыргыз колуна башкы кол башчы хан болуп шайланган Ажыбек-шер жардамга келип аман алып калса, ушул эле сыяктуу казак жоокерлеринин колуна түшүп калган Шербото баатырды дагы Ажыбек башында турган Айдарбек датка, Орус, Эшкулу бий, хан Карымшак, Зор-Калча, Карачунак-Атамбек, Бала-Бошубек, Көкбет-Татыбек, Тартак-Мамбет, Чөөдөйсары-Турдуке баатырлар куткарып алышкан” дейт.

7) Азыркы эгемен Кыргыз Республикасынын пайда болушуна болуп көрбөгөндөй эмгек жумшап Евразия тарыхына из калтырган Баймурат хандын урпактары Турдуке, Карымшак, Эшкулу, Абыласан датка башында турган кыргыздарга алкоо айтуу чукулдап калды. Нарындан Кашкар чегине чейинки зор аймактарды Орус императору Александр-II кошуп Кыргыз журтунун бүтүндүгүн сактап кылган бул улуу инсандар азырынча Кыргызстан тарыхы деген эмгекке камтылбай келет. 1863-ж. 21-майда Чериктер менен Батыш Сибир генерал-губернатору А.О.Дюгамелдин жазган каттары жана кортундулары менен таанышкан Падыша өз маакулдугун берет. Буга кубанган князь П.Д.Горчаков сүйүнчү телеграммасын Дюгамелге жиберет. А.О.Дюгамель 1863-ж. 13-октябрда Омск шаарына келип Чериктердин Россиянын курамына өз каалоолору менен өткөндүгү боюнча Мамлекеттик иш чараларды өткөрөт. Бул иш-чарага Орус армиясынын башкы штабында иштеген жогорку чиндеги аскер адамдары жана кээ бир казак султандары катышат. Иш чараныны аягында император Александр-II Турдуке баатырды Чоң Алтын медал I-даражадагы баркыт чапан, хан Карымшакты Чоң Күмүш медал I-даражадагы нооту чепкен жана дагы чериктердин 4 чоң манабын I-даражадагы нооту чепкендер менен сыйлайт. 1864-ж. 23.09. Орусиядан генерал Виктор Мединский, Кытайдан комиссар Шаа Нарынга келип Чугучак эл аралык протоколу менен азыркы Ат-Башы району Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Торугарт-Ашуусунан Орусия-Кытай чек ара сызыгын аныкташат. 1867-ж. Карымшак хан тууралуу кабардар болгон Санкт-Петербург Токмок уезддине “Черик болуштугу” аттуу орус-кыргыз бийлигин биринчи негиздешет. Натыйжада 1867-ж. Токмок, 1868-ж. Нарын, Каракол, 1878-ж. Бишкек, Жалал-Абад шаарлары негизделет. Демек Ат-Башыдан Жалал-Абадга чейинки кыргыз жерине “саясий бийликти бекемдөө жана башкаруунун административдик-аймактык органдары” түзүлүп азыркы эгемен Кыргыз Республикасына карай даңгыр жол салынат. Муну менен курткалык Осмон датка, кеминдик Шабдан; чаектик Байзак; атбашылык Жакыпбек, Базаркул, Мамырбай, Өмүрбай, Ороз, Чоко, Чортек; нарындык Касымалы, Эсенгул; көлдүк Чыныбай; каракочкорлук Канат шаа анын уулу Карыпбайлар генерал-губернатор А.Г.Колпаковский менен хан Карымшактын Токмок шаарындагы “черик болуштугу” аттуу кыргыз бийлигине баш ийип “тай туяк” пул берип болуштук кызматтарды кабыл алышат. Чериктердин Россияга кошулган иш-чарасынын кыргыз эли үчүн дагы бир пайдасы: 1855-ж. баштап “Ормондун өлүмү” боюнча Ысык-Көлдө болуп жаткан кандуу согуш Орус аскерлеринин от чачкан замбректеринин күчү менен 1875-ж. барып басылып кыргыз элине тынчтык орнойт. Демек окумуштуулар белгилегендей Чериктердин VIII к. - ХIХ к. 75-ж. чейинки эс-акылы менен эрдиктерин сыйлаган кара-кыргыздардын чоң манаптары жалпы кара-кыргыз бийлеринин курултайларында чериктерге биринчилерден болуп сөз беришип аларга малдын бышкан каржилиги менен жамбашы, жылкынын учасы сый катары тартылып келет.

8) 1863-1917-жж. чейин Орус падышасы менен бирге турган Кыргыз-Журтуна 1918-ж. Совет бийлиги орноп 1990-ж. чейин СССР менен бирге туруп Кыргыз ССРи деген конституциясы бар Республика түзүлүп азыркы бардык айыл, кыштактар, шаарлар курулуп илим-билим космоско жетет.

Окумуштуулар: Анвар Байтур, К.Петров, А.Маргулан, Сейф-Ад-дин Аксикентинин "Мажму атут-товарих", Үсөйүн Ажы, Жусуп Мамай, Ороз болуш кызы Калыйча жана С.Аттокуровдун эмгектерин жыйынтыктап келип Черик уруусунун болжолдуу генеалогиялык таблицасынын бирөөнү /изилдөөдө алты вариант табылды/ бере кетели: Атан бийден - Кулжыгач-төрө. Кулжыгач-төрөдөн- Оң хан менен Баймурат-Черик.

Оң хандан-алтын ордо ханы Токтомуш андан барып Жаныбек ж.б. тактап жазганда азыркы Казак хандыгы /эли/ таркайт. Баймурат-Чериктен-Ахмед менен Бекназар. Ахмед хандан - Акчу-бак, Бай-чубак, Молдо-черик, Дубан-черик, Кара-черик, Мухаммед-бек /Тагай бий /. Тагай бийден-Жаманак-Черик /хан/ . Жаманак-Чериктен-Назарбай. Назарбайдан - Кудайберди, Кудайкул, Тайчык. Кудайбердиден-Байчубак, Акчубак, Нокто. Акчубактан-Акчубак, Кытат. Ноктодон-Тору. Байчубактан-Куттууадам. Куттууадамдан-Ашым, Шалтак. Ашым бийдин-Боогачы баатыр. Боогачыдан-Онтогор, Карагул, Бөкө. Онтогор хандан-Ырысбай бий. Ырысбайдан-Сазан баатыр. Сазандын:-Алмадайкызыл деген байбичесинен-Зор-Калча баатыр; Төөдөйбоз деген аялынан-Эшкулу олуя менен Шадыбек бий; Аттайкара деген аялынан-Айдарбек датка менен Көкбет-Татыбек баатыр; Уйдайжоош деген аялынан-хан Карымшак; Аюдайсары деген аялынан- Орус бий менен Бай Баястан. Ошол тарыхый инсан Сазан баатыр Алмадай-Кызыл деген байбичесине Уйдай-Жоош деген уйгур кызын алууга үч жолу кайрылып руксат сурайт. Үчүнчү жолку болгондо байбичеси байым болбостур “жакшылыктарыңыздын бардыгы ошол жакка өтүп кетээр” деген экен. Айткандай эле Уйдай-Жоош деген энебизден Карымшак. Ч.Валиханов 1858-ж. “өтө күчтүү” Карымшак деп жазган. 40 уруу кыргызда “өтө күчтүү” бий, баатыр, бай деген наам-даража жок же болбосо “өтө күчтүү” Кошой деп айткан эмес хан Кошой деп айткан. Демек 1858-ж. Карымшак түпкү атасы Кошой менен чоң атасы Онтогор хандай хан болуп шайланып черик, моңолдор, чоңбагыштарды башкарат. Атактуу санжырачы, тарыхчы, илимпоз, манас жыйноочу, манасчы Ыбырайм Абдрахмановдун 1957-ж. жазган эмгегинде мындай маалыматтар бар: Черик элин Ажыбек баатыр башкарып турган Карымшак хандын карамагында болгон дейт. Менимче ачкачылык кезде бардык манасчылардын өмүр баяндарын ирээтке келтирип 100 басма табактан ашык санжыра ж.б. жана 57 миң саптан ашык Манас, Семетей, Сейтек эмгектерин /жарык көрө элек/ жазган Ыбрайым атабыздын алдына мунусу туура мунусу туура эмес деп айткандай азырынча кыргыз төрөлө элек. Ыбырайым Абдрахманов 2018-ж. 130 жашка чыгат артында баласы жок. Ат-Башы, Нарын, Бишкекте ага-тууганы Окумуштуумун, ЖК депутат, Губернатор болуп иштеген элем деген жакыны жана Сасык-Бай аттуу тукумдары такыр жок экен. Эки жылдан бери какшап Президентке, Премьерге кат жазсам КРП администрациясы, +кмөттүн аппараты мени теректин жалбырагындай көрүп 130 ж. өтөт же өтпөйт деп жооп бербеди. Ыбырайым-Манасчынын 57 миң саптан ашык Манасы менен 100 басма табактан ашык эмгектери басылып чыкпады, эмгектери 100 ж. ашык архивде калып чекесинен жоголуп бирөөлөр пайдаланып жатыптыр деген кабар чын болсо өтө өкүнүчтүү. Карагул баатырдан - Ногой, Кончой эки кыраан. Ногойдон - Токтобай бий менен Тоймат-шер. Токтобайдан - Ажыбек-шер, Жабагы, Смайыл, Эшимбек (төрт кашка). Ажыбектен - Абдраман баатыр, Абыласан датка. Тойматтан - Турдуке баатыр менен Жанымжан. Бөкө бийден /Майлыбаш/ - Тагайболот. Тагайболот байдан - Жанбала, Кошаалы, Үрүстөм, Максүт бий. Максүттөн - Карачунак-Атамбек баатыр, Карача бай. Карачадан-Матай бий. Матай олуядан Базаркул, болуш, Базарчы ж.б. таркайт . Жогорудагы кыскача жазылган тарыхый маалыматтарды жыйынтыктасак Кара-Чериктер: -VII-к аягы Х-к. чейин Шибердеги кыргыздар менен Улуу мамлекет куруп Барсбек ж.б. кагандар менен Енисей-Сибирди бирге; Х-к-дан ХII-к. чейин аралыкта Карахан мамлекети менен Кашкар шаарынан Букар шаарына чейинки аймактарда; -ХIV-к. Моголстан мамлекетин куруп жетектеп Ташкенден Могол тоосуна чейинки (Өзбекстан, Казахстан, Кыргызстан ж.б.) жер-сууну; -1634-1758-жж. бир кылымдан ашык Кыргызстанды Калмак хандыгы басып турганда Ала-Тоосун 100 жыл бою таштабай калмактар менен жанаша жашап “кеси келсе колуна курал алып” эркиндик үчүн карчылдашып кырылып; -ХIХ к. чериктер азыркы Долон, Нарындан Кашкар чегине чейинки зор мейкиндиктерди ээлеп Уйгур-Кыргыз, Кытай-Кыргыз чек арасын жердеп, жашап, ээлеп, коруп, кайтарып, кырылып келгени Кыргыздар үчүн үлгү болучу тарых.

Журналист: Каныбек Бокоев.т: 0705 500 583.

Баймурат чейрек[булагын түзөтүү]

Баймурат чейрек 193.106.50.131 14:07, 24 март 2024 (UTC)[жооп берүү]