Колдонуучунун баарлашуулары:Dnes1302

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Кыргыз уикипедиячылар жыйыны, 2012[булагын түзөтүү]

Урматтуу, колдонуучу Dnes1302!

Сиздин “Кыргыз уикипедиячылар кыймылы” долбооруна салым кошконуңуз үчүн 2012-жылы 7-декабрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Три короны” мейманкансында өтө турган Кыргыз уикипедиячылар жыйынына чакырабыз. Баардык катышуу чыгымдарды "Сорос-Кыргызстан" Фонду каржылайт.
Бул катка Сиздин жообуңузду 3-декабрга чейин күтөбүз. Жообуңузду 0(552)270037 уюлдук телефонуна чалып же umka220190@gmail.com электрондук почтасына жазып жооп бериңиздерди өтүнөбүз.--Umut (talk) 11:05, 29 Ноябрь (Жетинин айы) 2012 (UTC)

Макаланын аталышына үтүр коюуунун зарылчылыгы жок[булагын түзөтүү]

Саламатсызбы Dnes1302!!! Сиз макалалардын аталышына үтүр коюп өзгөртүп жатасыз.Учурда үтүр коюуунун зарылчылыгы жок.Себеби Кыргыз Уикипедиясын бир ирээтке келтирүү үчүн, ушундай ыкмасы туура болот деп эсептейм.Өзүңүз байкагандай бизде макалалардын ачылышы ар түрдүү болуп, башаламандыктар көп.Буга чейин Орус Уикипедиясына басым жасап үтүр коюп келсек, эми түрк тилдүү Уикипедияларга басым жасаганыбыз туура болоор...Менин оюмча макалага таандык адамдын ысымы биринчи коюлушу керек.мисалы: Алмазбек Атамбаев.. Ишиңизге ийгилик..урматтым менен Абдырашит Сатылганов (баарлашуу)

Инсандардын аттарын бир форматта жазалы[булагын түзөтүү]

Урматтуу Dnes1302, саламатсызбы! Сиздин кылып жаткан салымыңызга ыраазычылык билдирем. Бирок, сиздин кээ бир өзгөртүүлөрүңүз кыргыз уикичилердин кылып жаткан жалпы аракеттерине туура келбей жатат. Абдырашит Сатылганов жогоруда жазып өткөндөй, орустардыкындай форматта атоодон баш тартып, кыргызча форматка өткөнүбүз оң. Ошол себептен, азыр биргелешип, колдон келишинче инсандардын аттарын кыргызча форматта атап жатабыз ("Аты Фамилиясы"). Андыктан, мындан ары, бул маселеге байланыштуу чогу иштешебиз деген үмүттөмүн. Ишиңизге ийгилик! Урматым менен Kairat Zamirbekov

Инсандардын аттарын бир форматта жазалы[булагын түзөтүү]

Урматтуу Kairat Zamirbekov, катыңызга ыракмат! Кыргыз викичилери 2009-13-жылдары орток чечим кабыл алышкан, атайын Сорос кору уюштурган семинарларда да жалпы чечим кабыл алынган. Chorobek Saadanbekov жана Tynchtykbek Chorotegin мырзалар да тастыктай алат. Сөздүктүк макаланы азыркы Спутникбек, Советбек, Шайлообек деген сыяктуу азыркы миңдеген жаңы же эски ысымдардан эмес, инсандын тегатынан (фамилиясынан) баштаганда, абдан көп киши тууралуу маалымат вики энциклопедияда дурусураак системага түшөт. Фамилия аркылуу кишинин таржымакалы жөнүндөгү макаланы табуу да алда канча оңой. Ошол эле орустар тууралуу да кыргызча викиге маалымат жүктөшүбүз керек. Алардын ичинен Александр Пушкинди издеп отурсак, Александр Александровдон эле жүз миң кишиси чыгат, анан Александр Пушкинге жеткиче чарчайсыз. Биз дүйнөлүк биографиялык маалыматтарды да кыргызча викиде жөнгө салышыбыз керек эмеспи.
Абдырашит Сатылганов мырзага да ушул жагдайды жакшылап ойлонуп көрөлүк деп сунуш кылмакчымын. Кеп кыргызча же орусча формат дегенде эмес, кайсы түр - келечектүү экенинде жана көп маалыматты оңой чагылдыраарында. Чыңгыз хан менен Чыңгыз Айтматовду өз ысымынан издегиче, Айтматов, Чыңгыз Төрөкулович деп издесек, жазуучубузду Викиде оңой таба алабыз.
Айтматов Илгиз,
Айтматов Аскар,
Айтматова Роза,
Айтматова Ширин... деп андан ары бүт династиясы же фамилиялаштар бир жерде кете берет.
Ошол себептен, азыр биргелешип, колдон келишинче инсандардын аттарын нагыз илимий форматта чагылдыруу ишине, б.а. буга чейин жолго коюлган жакшынакай салтка бөгөт кылбайлык. Түшүнгөнүңүздөр үчүн терең ыраазымын! Керек болсо, спонсорлорду издеп, кайра дагы бир жолу Кыргыз викичилер курултайын чогулталык! Терең урматым менен Dnes1302