Колдонуучунун баарлашуулары:Kgbek

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
  • Кыргыйбек кандайсың? Сенин эсебиңден Багыш айыл аймагы б-ча макалалар массалык түрдө кошулуп жатат.

Учурунда айыл аймагы эмес, райондук деңгээлдеги энциклопедияларды дагы дыкат карап чыккандан кийин, жалпы журтка мааниси бар макалаларды иргеп киргизели деп сүйлөштүк эле. Эми мунуңду кандай түшүнсөк болот? Дегеним, маалымат иргелбей эле, дүңүнөн куюлуп жатат. Мисалга айтсам, Төрөгелдиев Алтымыш тууралуу макала канчалык деңгээлде актуалдуу? Мындай макалаларды кошуп кереги жок го дейм. Бул жердеги макалалар энциклопедиялык көз караштан маанилүү, жалпыга актуалдуу болушу керек. Ошондуктан бул ишти токтотуш керек болот. --Chorobek (баарлашуу) 15:16, 7 Декабрь (Бештин айы) 2016 (UTC)

  • Саламаттык каалайм Chorobek байке.

Менин эсебимден жогоруда аталган макалалар киргендиги чын. Бирок, сиз айткан сын-пикирлердин максатын түшүнө алган жокмун. Дегеним, айыл аймагы болсо да, анда райондук деңгээлдеги коомдук активисттер жазылыптыр. Актуалдуулугу жок деп айта албайт болчумун, биздин коомго ылайыктуу, кичине болсо да мааниси бар демекмин, менимче кошуш керек, коомчулукка пайдалуу болсо да, зыяны болбостур.

Билсеңиз керек, кыргыз тилин интернетте өнүктүрүү, анын ичинен Уикипедияны өнүктүрүү боюнча пайдалуу жакшы долбоор жүрүп жаткан экен (Ulutsoft), ошонун алкагында мага кызматташуу сунушу түшкөн, а мен ошонун негизинде жанагы макалаларды киргиздим. Сизди кыргыз уикипедиячыларына баш-көз болуучу мааанилүү адам катары тааныйм, жана айтылган долбоордун ишмердүүлүгүндө сиздин колдооңуз бар болушу керек деп ойлойм, бирок билбейм.

Неси болсо да, даярдап алган макалаларымды кантип киргизбей токтотуп коём деп турам, же бул маселени чечүү үчүн бир айла таап берсеңиз жакшы болмок. --Kgbek (баарлашуу) 09:23, 10 Декабрь (Бештин айы) 2016 (UTC)


Кыргыйбек, эгер айыл өкмөтү, район денгээлиндеги инсандарды дүңүнөн киргизип коюну актуалдуу деп эсептесек, бир нече жыл мурун эле киргизип коймокпуз. Эмдигиче киргизбесек, демек мурунку сүйлөшүүгө караганбыз. Уикипедия жөн эле резюмелердин жыйнагына айланбашы керек дейм. Чынында эле жалпы элге кызык болчу инсандарды иргеп кошуу керек болчу да. Мен сага жогоруда мисал бердим. Мындй жол менен барсак, милиция кызматкери, мугалим, кай бир жылдары айыл өкмөтү болуп иштеген кишилердин баарын киргизип, бул жакты резюмелер коруна айлантып койсок болот. Андан ким утат?
Сен айткан компания менен мен иштешкен жокмун. Алардан тапшырма алгандар, сен сыяктуу эле макалалардын санын чыгарыш үчүн, маалыматтын баарын дүңүнөн жүктөп, көп маселе жаратып жатышат. Кааласаң, жолугуп айтып берем. Убарасы бизге болуп жатат. Ушундай башаламандыктын алдын алуу максатында, учурдагы админдер кеңешип массалык маалымат кошуунун эрежесин иштеп чыктык. Ага ылайык келбеген кошуулар өчүрүлөт. Коммерциялык негизде макала кошобуз деп акча алган компания, тил комиссиясы тарабынан коюлган талаптарга ылайык, каталары жок, бардык эрежелерге туура келген макалаларды киргизип бериши керек болчу. Отчет тапшыргандан кийин, алардын массалык түрдө толтурган каталарын артынан эч ким оңдо бербейт. Ошондуктан, азыр сен жүктөп жаткан макалаларыңдагы орфографиялык каталар тазаланып бүтмөйүнчө жаңы макала кошпошуңду суранам. Катасы бар макалалардын баарын мен оңдоп отурбайм, жок кылам. Жана дагы бул тууралуу тил комиссиясына ырасмий кат жолдойм. Урматым менен, --Chorobek (баарлашуу) 12:21, 14 Декабрь (Бештин айы) 2016 (UTC)
Мага эми түшүнүктүү болду. Урматым менен --Kgbek (баарлашуу) 09:32, 20 Декабрь (Бештин айы) 2016 (UTC)