Колдонуучунун баарлашуулары:UlutSoft3

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Саламатсызбы, урматтуу UlutSoft3!
Кыргыз Уикипедиясына салым кошуп жаткандыгыңыз үчүн терең ыраазычылык билдирем.
Сиздин Кыргыз Совет Энциклопедиясынын 1970-жж. чыгарылышынан массалык түрдө макалаларды киргизип жаткандыгыңызды байкадым.

Сизге айтаар кеңешим, макала баштоодо эрежелер жана көрсөтмөлөр менен таанышып чыгыңыз.

  • Баштап жаткан макалаңызды издөө талаасына салып издеп көрүңүз, балким, сиз баштаганы жаткан макала бар чыгаар.
  • Башка тилдердеги нускасы менен салыштырып көрүңүз (мис., бизге түшүнүктүү орус тилиндеги нускасы).
  • Киргизип жаткан маалыматыңыздын актуалдуулугун караңыз (мис., Пишпек шаары деп макала түзүүнүн кажети жок, Бишкек жетиштүү болот).
  • Сканерленген тексте сөзсүз, жок эле дегенде бир ката чыгышы мүмкүн. Макала баштап, дароо эле баракты сактап кой баскычын баспастан, алдын ала көрсөтүү аркылуу макалаңыздын сырткы келбетин, ошол эле учурда текстте ката барбы-жокпу текшерип алыңыз.

Айта берсек толтура, андыктан урматтуу мекендешим, Уикипедия эрежелерин сактаңыз. Анткени, ал эрежелерди сактоо менен гана биз сапаттуу кыргыз тилдүү макалаларды көбөйтө алабыз.
Сан үчүн эмес, сапат үчүн эмгек кылалы. Айткан кеңештеримди көңүлгө алып, бүт каталарыңызды оңдоп чыгасыз деген ниеттемин. Сапатсыз, өзгөчө кыргыз тилинин орфографиялык, грамматикалык ченемдерине жооп бербеген макалалар биринчи кезекте өчүрүлөт экендигин эсиңизге сала кетейин.

Максатыбыз бир гана – кыргыз тилин өнүктүрүү.

Ишиңизге ийгилик каалап, Кыргыз Уикипедиясынын мүчөсү — Askar Nazyrov ([[Калып:Ns:колдонуучу баарлашуу:Askar Nazyrov|баарлашуу]]) 18:34, 12 Август (Баш оона) 2016 (UTC)

Эскертүү
Сиз массалык түрдө Кыргыз Уикипедиясынын эрежелерине жооп бербеген макалаларды киргизип жатасыз. Эрежелерди бузуу сиздин макала киргизүүгө, оңдоого болгон укугуңузду чектөөгө алып келиши мүмкүн. Тажрыйбасы аз колдонуучуларга тажрыйбалуулардан кеңеш алып иш алып баруу сунушталат. Эгерде кандайдыр бир суроолор болсо, мага, башка бир тажрыйбалуу колдонуучуга же башка администраторго кайрылуудан эч тартынбаңыз.
Эскертүү: Күчүндө бар эскертүүнү өчүрбөө сунушталат, анткени, кээ бир учурларда бул аракет Уикипедия эрежелерин бузуу катары бааланышы мүмкүн.

--Askar Nazyrov ([[Калып:Ns:колдонуучу баарлашуу:Askar Nazyrov|баарлашуу]]) 13:57, 15 Август (Баш оона) 2016 (UTC)

  • Урматтуу Askar Nazyrov
    Үстүдөгү жана учурда жазган - койгон талаптарынызга жана кеңештериңзге жооп.
    Азыркы учурда Кыргыз Уикипедиясына бир жумадан бери эч кандай макала киргизилген жок. Эгер байкасаңыз - Соңку өзгөрүүлөр барагында акыркы киргизилген жана өзгөртүүгө дуушар болгон уикипедиянын макалалары жана барактарынын жанында атайын белгилер менен көрсөтүлүп турат. Муну эске алсаңыз.
    Макалалардын сапаты жана анын уикилештирүү маселеси боюнча. Учурда киргизилген макалалар оңдолуп жана уикипедиянынн макала жазуу шарттарына ылайык түздөлүүдө. Сиз кошуп жаткан тиешелүү калыптар(ката, өчүрүү), булар оңдоло электер. Алар сөзсүз түрдө оңдолот - ар бир макаланын мазмунуна жараша тиешелүү калып, уикификация жана эреже шарттарга ылайык уики-разметкалар коюлууда. А өз учурунда - учур мезгилге талап кебеген макалалар өчүрүлөт.
    --UlutSoft3 ([[Калып:Ns:колдонуучу баарлашуу:UlutSoft3|баарлашуу]]) 14:28, 15 Август (Баш оона) 2016 (UTC)

Урматтуу UlutSoft3, Askar Nazyrov маселени туура коюп жатат. Макаланы алдын ала даяр алып, анан киргизген туура болот. Силер актуалдыгы кеткен эски маалыматтарды, жада калса сканерлөөдөн кийинки каталарын арылтпай туруп, бул жакка массалык түрдө киргизип жатасыңар. Андан эч ким утуш албайт. Силердин артыңардан миңдеген макалаларды кайрадан баарын текшерип отуруштун эч кимге кызыгы жок. Бул эскертүү менен ишти туура эмес жүргүзүп жатканыңыз тууралуу маалымат жана аларды оңдоп чыгуу үчүн убакыт берилди. Салымдарыңызды кайра карап чыгып, актуалдуулугу жок, 40 жыл мурунку маалымат камтыган макалаларды заманбап маалыматтар менен толуктап, кереги жогун жок кылууга сунуштап, жарактууларынын орфографиялык каталарын оңдоп чыгыңыз. Биздин дагы, өзүңүздүн дагы убактыңызды баалайсыз деп ишенем. --Chorobek (баарлашуу) 04:17, 21 Август (Баш оона) 2016 (UTC)

Урматтуу UlutSoft3!
Менин сын-пикирим сиздин акыркы бир жумадагы аракеттериңизге эмес, жалпы кылып жаткан салымдарыңызга айтылган.
Кеп оңдойбузда эмес, кептин баары сапаттуу макаланы даярдап алып анан киргизүүдө. Анткени, сизби же башка бирөө болобу киргизген орфографиялык, грамматикалык ж.б. каталары бар макаланы сиз оңдогонго чейин башка бир маалымат издеген адам колдонуп алышы мүмкүн. (Мисалы, Казакстандын географиясын билбеген адам сиз оңдогонго чейин Казакстанда Маңгышлак облусу бар экен деген маалыматта жүрүшү мүмкүн).
Ошондуктан, макалаңыздын актуалдуулугун, орфографиялык, грамматикалык ж.б. каталары барбы-жокпу текшерип алгандан кийин гана макаланы киргизиңиз.
Сиз массалык түрдө каталары бар макалаларды киргизип жатасыз, аны оңдоп чыгууга көп убакыт кетет. Эрежелерге ылайык, андай мазмундагы макалалар берилген эскертүүдөн кийин оңдолбосо өчүрүлө тургандыгын дагы бир жолу эсиңизге салайын.
Тез арада оңдоп чыгууңуз абзел.

Ишиңизге ийгилик каалап --Askar Nazyrov (баарлашуу) 15:45, 18 Август (Баш оона) 2016 (UTC)

Эскертүү
Урматтуу UlutSoft3!

Сиз киргизген макалалардын бир нечесин карап чыгып, тиешелүү калыптарды калтырганбыз ({{Каталар}}, {{Unreferenced}}, {{Delete}} ж.б.). Калыптарды калтыргандан кийин, сиз тараптан оңдоо жүргүзүлгөнүн байкадым. Бирок, оңдогондон кийин калыптарды өчүрбөңүз. Анткени, сиз оңдогондон кийин да каталар чыгып жатат.

Сизге дагы бир жолу эсиңизге салайын, макаланы киргизип алып артынан оңдобой, толук даярдап алып анан киргизиңиз. Сканерден өткөн текстте жок эле дегенде бир ката чыгат. Муну эске алыңыз.

  • Актуалдуу, жаңы маалыматтарды киргизиңиз.
  • Жол берилгендерди (Мис., ж.б.у.с., ж.б.) эске албаганда, калган кыскартууларды (Мис., парт. (партиялык), улуттук-бошт. күрөш (улуттук-боштондук күрөш)) колдонбоңуз. Окурманга толук жеткириңиз.
  • Заманбап кыргыз тилин колдонуңуз (Мис., "ген. секретары" эмес "башкы катчысы", "областы" эмес "облусу").

Жазган макалаңызда адабиятка болгон шилтемени туура бериңиз (Кыргыз Совет энциклопедиясы - ISBN, кайсы том, канчанчы бет ж.б.у.с.) - эрежелер менен кенен таанышып чыгыңыз. Күмөндүү, ачык-айкын көрсөтүлбөгөн адабияттын негизинде жазылган макала, оңдоп чыгууга берилген мөөнөттүн ичинде колдонулган адабияты так көрсөтүлбөсө эскертүүсүз өчүрүлөт.

Сиздин оңдоп чыгууга болгон мөөнөтүңүз азыркы учурдан башталды.
Эскертүү: Күчүндө бар эскертүүнү өчүрбөө сунушталат, анткени, кээ бир учурларда бул аракет Уикипедия эрежелерин бузуу катары бааланышы мүмкүн.

Сизге акыркы эскертүү берилди. Жогоруда айтылган каталарды оңдоп чыкпасаңыз жана ушундай нукта ишиңизди улантсаңыз Уикипедияга макала киргизүү, оңдоо укугунан ажырайсыз - бөгөттөлөсүз. Сиз массалык түрдө макала киргизген себептен, анын ар бирин карап чыгууга убакыт тар. Өзүңүздүн жана биздин убактыбызды албаңыз.

Жалпыбыздын максатыбыз - кыргыз тилин өнүктүрүү.


Ишиңизге ийгилик каалап --Askar Nazyrov (баарлашуу) 20:12, 31 Август (Баш оона) 2016 (UTC)

Учурда үстүдө жазылгандай эч кандай жана макала түзүлгөн жок, жана жаны макала боюнча эскертүү берип кажети жок, анткени жок нерсе жөнүндө сүйлөшкөнүбүз туура эмес болуп калат. Бирок бул кеп кенеш, жана эскертмелер кийинки жаны макалаларда сөзсүз түрдө эске алынат жана эрежелер менен жазылат.
Кыскартуулар жана эскирген сөздөр боюнча: Ооба, чынында макалалар арасында кыскартуулар калып калыптыр, бул болсо оңдоо жана жазуу учурундагы калып калган ката, буларды оңдоп койсо болот, жана оңдолот. Бул талашсыз. Жана ушуну менен сөздөрдү да тууралаган абзел, бул да каралат, жана тиешелүү сөздөргө алмашылат.
Шилтеме боюнча:Бул жерден ката кетиргем, муну моюнума алам, жана мунун үстүнөн азыр иштеп атам.
Эми мунун баары эртен эле оңдоло калбайт, Кыргыз Уикипедиясы деле кечее гана ачыла калып жана ушунча макаланын баары бир күндө кирген эмес. Баардык нерсенин өз убагы бар.
Ийгилик айтканыңызга ырахмат, бул мага азыр абдан керек. Жана жазылган макалаларды карап, текшерип атканызга да ырахмат. Бул да болсо, Кыргыз Уикипедиясынын сапатына кайдыгер эмес экенинизди жана мени туура жолго салып жаткынызды билдирет, мунуңузга ыраазымын. Сизге чыдамкайлык жана түшүнүүнү каалайм.
Урматтоом менен:--UlutSoft3 (баарлашуу) 06:03, 2 Сентябрь (Аяк оона) 2016 (UTC)

Эскертүүлөрдүн жыйынтыгы[булагын түзөтүү]

Урматтуу UlutSoft3, сиз мурунку берилген эскертүүлөргө карабастан, эски энциклопедиядан алган макалаларды киргизүүнү улантып жатасыз. Оңдойм дегениңиз менен, мурун катасы бар макалаларды оңдоп-түзөп жатканыңызды байкаган жокмун. Ошол энциклопедиядан алынган жаңы макалаларды киргизүүнү улантуудасыз. Бул энциклопедиядан алынган макалалардын көбү актуалдуулугун жоготкондуктан, алар заманбап толуктоолорсуз бул жакка көчүрүлүп киргизилбеши керек. Бул энциклопедияда советтик ырасмий көз карашка туура келген гана маалыматтар берилгендиктен, маалыматтар тенденциялуу болуп, Уикипедиянын негизги принциби болгон - маалыматтын бейтараптуулугун камсыздоо принциби аткарылбай калып жатат. Мисал келтирсек, Тарыхый-этнографиялык областтар макаласынын учурдагы аныктамасы маданий аймактар же тарыхый маданий аймактар болушу керек эле. Ал жерде келтирилген маалыматта:

Тарыхый-этнографиялык райондоштуруу үчүн жашоо ыңгайын жана материалдык маданиятты мүнөздөө гана эмес, ой-жүгүртүү стереотиптери, диний түшүнүктөр жана элдик чыгармачылык менен байланышкан рухий маданияттын өзгөчөлүктүү формаларынын да мааниси бар. Маданияттын айрым элементтеринин жана алардын комплекстеринин ареалы көп учурда этностук жана тилдик ареалдар менен дал келе бербейт; бир аймакта түзүлгөн маданият типтери доор алмашкан сайын өнүгүп жана өзгөрүп турат. 16-к. тартып Европада капитализмдин өнүгүшүнүн башталышы менен европалык державалардын Түштүк жана Түндүк Американын өлкөлөрүн, кандайдыр бир даражада Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиянын өлкөлөрүн, кийинчерээк Африканы, Австралия менен Океанияны басып алуусу тарыхый-этнографиялык областтардын мүнөзү менен структурасына бир кыйла таасир берген. Маданий жетишкендиктерди (айыл чарба өсүмдүктөрүн континенттер арасында алмашуу, айдоо дыйканчылыгынын таралышы ж. б.) алмашуу кеңейди; товардык-экономикалык байланыштардын таасири өстү. - деп, кайрадан эле бул процесске капитализмдин таасирин баса белгилөө аракети көрүнүп турат.

Жана дагы, айтылганы карабастан, бардык макалаларда колдонулган адабиятка так шилтеме берилген жок. Эмне китептен алып, макала кошуп жатканыңарды эч ким так билбейт (орфографиялык жана стилистикалык каталарын айтпаганда). Жыйынтыктап айтсак, кийин оңдойм дегениңиз менен, массалык түрдө кетирген каталарыңыз оңдолбой келет. Ошондуктан, сиз кийин деле бул каталардын баарын оңдоп чыкпайсыз деген бүтүмгө келдик. Ошондуктан актуалдылыгы жок, колдонулган булактарына так шилтеме берилбеген, массалык түрдө каталардан арылтылбай киргизген макалалардын алдын алуу максатында, сизден мындай аракетти токтотууну суранам жана каталары оңдолбогон макалаларыңыз жакынкы арада жок кылына тургандыгын билдирем. --Chorobek (баарлашуу) 09:41, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2016 (UTC)

Саламатсызбы, урматтуу Chorobek мырза!

Эскертүү жана башка толуктоо, оңдооолор ж.б. бир күндүн ичинде, же бир кнопканы басуу аркылуу ишке ашпайт. Баардыгынын өз убактысы болот. Макаланы оңдоо жана толуктоо боюнча маалыматтар, ойдон алынбайт же жеке көз караш аркылуу кошулбайт, алардын издөө, табуу, тууралоо, жана даярдоо бир топ убакытты алат, жана алып жатат. Эгер мен буларга макул болгудай көз карашта болсом, макаланы кандай тапсам, ошондой киргизе бермекмин да, мен кетирген ката жана кемчиликтерди моюнума алып алар менен иштөөдөмүн. А жакын арада кирип кеткен саналуу макалалар, булар киргизүүдөгү ката, бул маселе эмес, убара болбой эле койунуздар, муну өзүм эле өчүрүп койом . --UlutSoft3 (баарлашуу) 10:03, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2016 (UTC)