Колдонуучунун баарлашуулары:Zhakypov Ulan

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Жаштардын жарандык активдүүлүгү

“ Менин өлкөм мага эмне кылып бере алат деп сураба,
мекеним үчүн эмне кыла алам деп ойлон”

Джон Фицжеральд Кеннеди


Жаш кезинде адам өзү жашаган жерде эмес, жашоонун баары башка шаарда же башка өлкөдө өтүп жатат деп ойлошот, ал эми болсо улуу муундагы кишилер жаштар бүгүнкү күндө көңүл ачуу менен гана алек болуп жүрүшөт деп ойлошот. Бирок, бул эки пикир тең чындыкка дал келишпейт. Акылай Ош шаарында жашайт жана жогорку окуу жайда окуп, мектепте да сабак берет, 4 жыл мурда чыныгы жашоо борбор шаарда бар гана сыяктуу сезилчү. Адам өнүүгүсүүнүн улуттук баяндамасында көптөгөн жаштар өз жашоосуна ыраазы эместигин баяндайт. Сурамжылоого катышкан 25%ы жаштар өзүнүн материалдык абалына нааразы болушса, 28%ы келечектеги кесиптин өсүп-өнүгүүсүнө ишенишпейт. Акылай: “ 4 жыл мурда мени көргөн адам мени башкача ойлойт эле, анткени ал кездеги менин баалуулуктарым башка эле көчөдө өз ара топтошуп алып, тентектик кылчу элек. Атаандашуу, мамиле такташуу менин жашоомдун ажырагыс бөлүгү эле. Мен ошондой түшүнүк менен жашайт элем.” Адам өнүгүүсүнүн улуттук баяндамасынын сурамжылоого катышкан көптөгөн жаштар бир топ баалуулуктарды санап кетишкен. Аларга: ден-соолук, материалдык байлык,үй-бүлө куруу, тынчтык жана эркиндик кирет . Бирок азыркы учурда көптөгөн жаштар арасында пессимизм маанайы басымдуулук кылат десем жаңылышпайм. Артем Решетников Кара-Кол шаарында жашайт жана окуйт. Ал өзүн замандан артта калган деп сезбейт. Артем Решетников: “ Мен бул дүйнөдө акча баарын чечет дегенге макул эмесмин, бир жолу мага бир акылдуу адам мындай деп айткан эле. “Артем сен өзүн сүйгөн ишти жаса, эгерде ага акы төлөсө андан да жакшы.” Мен эми ошол принципти карманып иштеп келем. Андыктан бул жумушта ырыхаттанып иштейм. Бул дүйнөдө баардык нерсе акча менен ченелбейт, бирок акча баарын чечет деп көп адамдар ойлошот. Ал эми Кыргызстандын жаштарынын маселесин чечүү үчүн мамлекеттин чакан бюджети жетишпейт десек болот. Бирок өз аракет кылууда мамлекеттен колдоо күтүүнүн жана Мирбек Атабековдой таланттуу болуунун кажети жок. Анткени ал деле адамда кезиге турган сапаттарга ээ. Бирок ар бир жаш муун өз ара аракет кылса көп нерсеге жетише алат. “Жаштар биздин келечек” дешет улуу муундагы кишилер, бирок алар жаңылыштык кылышат. “ Жаштар бүгүн” бүгүнкү күндө көптөгөн жаштар жараандык активдүүлүк көрсөтүр келет. Жашоодо ар бир адамда биринчиден ишенич, экинчиден каалоо болуш керек, үчүнчүдөн ошол ишенич менен каалоону айкалыштырып эмгектенсе көптөгөн нерсеге жетише алат. Жаңы муун бүгүнкү күндө көгөйлөрдү өз алдынча чечүүгө жөндөмдүү. Буга коомдук, Эл аралык, Бириккен Улуттар уюмунун Ыктыячылар Программасы көп жылдык тажрыйбасы күбө. Бардык аракеттер жаштардын демилгесин өнүктүрүүнүн негизинде ишке ашырууда. Ошондой эле, мисалга алсак “Ак-Өргөө” Жаштар Демилге Тобу бүгүнкү күндө жараандык активдүүлүк көрсөтүп келүүдө. Демилге топтогу ыктыярчылар эки жыл мурда өз ыктыяры менен иштеп келсе. Бүгүнкү күндө жаңы конуштардагы жаштар арасында активдүүлүктү көрсөтүп келет. Алгач жаңы түзүлгөн Жаштар Демилге Тобу окуучулар курамынан түзүлгөн болсо, азыркы күндө анын курамында студенттер жана окуучулар басымдуулук кылат. Улуу муундагы топтун ыктыярчылары жаңы чыгып келе жаткан жаштарга үлгү көрсөтүп, алар басып өткөн жолдү көрсөтүп,алган билими жана тажрыйбалары менен бөлүшүп келет. Менин атым Улан, мен Бишкек шаарындагы №77 орто мектебинин 10-классынын окуучусу болом. Бүгүнкү күндө мен дагы “Ак-Өргөө” Жаштар Демилге Тобунун мүчөсү болуп келем. 2 жыл мурда мени писсимизмдик маанай басымдуулук кылса, бүгүнкү күндө оптимиссттик маанай басымдуулук кылат. Жараандык активдүүлүк пайда боло электе мен аябай эле пассивдүү болчумун. Ыктыярчы болуу мага абдан жагат жана бул ишти өз каалоом менен жасап, ырахаттанам. Адегенде жаңы бул ишке аралашып жатканда мага абдан кызыктуу болду. Бүгүнкү күндө мен досторум менен жараандык активдүүлүк көрсөтүп, көптөгөн иш-чараларга катышып келебиз. “ Кичине жасалган иш, берилген чоң убададан артык” дегендей аз да болсо өз Мекенимдин өнүгүүсүнө салым кошуп жатам деп ойлойм.


Автору: Жакыпов Улан