Колдонуучу:Нагима Еркинбекова

Википедия дан

Канчалык бөтөнчө жана көп түрдүү болсо да, чыр-чатактар негизинен бирдей стадиялар аркылуу өөрчүйт:

Чыр-чатак башталар алдындагы кырдаал: • Бул стадияда чыр-чатактын маңызы, башкача айтканда тараптар анын айынан жана ал үчүн кармашууга барган негизги карама-каршылык келип чыгат. • Азырынча ачык кагылышуу жок. • Тараптардын ортосундагы мамилелер оордойт, бири-биринен оолактоого умтулуу пайда болот. • Ар кандай факторлордун таасири астында чатактуу кырдаал жок болушу, башка чатакка айланышы же ачык чыр-чатакка өсүп чыгышы мүмкүн. Каршылашуу: • Бул стадияда чыр-чатак кыйла ачык болуп калат, оорчулук жана зомбулук күч алат, чыр-чатактын күчөшү башталат. • Чыр-чатактын күчөшү (лат.тилинен scala – тепкич) – бул фазада чыр-чатак «тепкичтер боюнча кадамдайт», убакыттын өтүшү менен чыр-чатактын өнүгүшү күчөйт, каршы туруу курчуйт. • Бул стадияда кандайдыр бир сүйлөшүүлөр же чыр-чатакты чечүүнүн башка бейпил ыкмалары оордоп калат. • Тараптар кандай болсо да каршылашына көбүрөөк зыян алып келүүгө аракеттенет. • Чыр-чатактын өнүгүшү ойго келбеген жана башкарылбаган мүнөзгө ээ болот. Тараптардын ортосунда капилет кагылышуулар болуп өтөт же азыраак ыкчамдыктагы зомбулук колдонулат. • Мындан ары каршы туруу жана зомбулук өсүшү мүмкүн экенин түшүнүп, тараптардын ар бири ресурстарды тартып жана союздаштарды издей баштайт. • Көп учурда тараптар чыр-чатакты басуу боюнча чараларды көрө баштайт. «Бул жакшылык менен бүтпөй» тургандыгын алдын ала сезүү аларды кризистен четтеп, жаңжалды жөнгө салуунун жолдорун издөөгө өтүүгө багыттайт. Кризис: • Бул чыр-чатактын тирешүү жана/же зомбулуктун алда канча ыкчам чеги. Ири масштабдуу чыр-чатакта кризиске эки тараптан тең адамдар курман болгон согуш мезгили туура келет. • Эки тараптын ортосундагы ойдогудай баарлашуу үзүлгөн. • Мамилелерде кризис келип чыгат, ал ачык (талаш-тартыштар, агрессивдүү аракеттер, өз ара айыптоолор, мамилелердин үзүлүшү, зомбулук колдонуу) жана көмүскө формаларда (интрига, «башканын колу менен» аракеттенүү ж.б.) көрүнүшү мүмкүн. • Чыр-чатак ушунчалык чыңалгандыктан, тараптардын экөө тең же бирөө мамилелердин андан ары курчушун токтотуу зарыл экенин түшүнүп калат. • Тараптар чыр-чатактан башка жол менен чыгууну издей баштайт. Аяктоо: кандай болгон күндө да, кризис айрым тыянакка алып келет. • Тараптар каршы аракеттенүүнү улантат, бирок күрөшүүнүн ыкчамдыгы төмөндөйт, чыр-чатакты басаңдатуу процесси башталат. • Тараптар чыр-чатакты күч ыкмалары менен улантуу натыйжа бербестигин, бирок ынтымакка жетишүү үчүн эч нерсе жасалбай жатканын аңдап-түшүнөт. • Тараптардын бири башкасын жеңип чыгат же алар ок атышууну (эгерде согуш жүрүп жаткан болсо) токтотуу жөнүндө келишим түзөт. Тараптар ортомчунун катышуусу менен же ансыз сүйлөшүү столуна отуруп, компромисске келе алат. Алда канча күчтүү үчүнчү тарап аларды согуш аракеттерин токтотууга мажбурлай алат. • Оорчулук жана зомбулук алда канча азаят, жаңжалды жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Чыр-чатактан кийинки кырдаал: • Бул этапта зордук-зомбулук токтоп, оорчулук басаңдап, тараптар ортосунда өз ара тынч мамиле калыбына келе баштайт. • Жыйынтыктарды чыгаруу, жетишилген же жоготулган дөөлөттөрдүн натыйжаларын, мамилелерди, ресурстарды баалоо мезгили келет. • Чатактан кийинки кырдаал төмөнкүдөй эки этапты камтыйт: 1) Мамиленин жарым-жартылай калыбына келиши. Чатакка байланышкан жагымсыз сезимдер дале жоголо элек. Болуп өткөн жаңжалдан көңүл тынчыбай, ар ким өзүнүн чатакта жасаган иш-аракеттерин кайра-кайра эстей берет. Кылган күнөөсүн ойлоп өкүнөт. Бири-бирине карата кектөөлөр мамилелерди дароо эле жөнгө салууга мүмкүндүк бербейт. 2) Мамиленин толук калыбына келиши. Тараптар мындан ары алака кылып, байланышуу керектигин аңдап билет. Буга алардын терс көз карашты жеңип өтүп, бирге иштешүүсү, бири-бирине ишенүүсү өбөлгө түзөт.

Чыр-чатакты чечүү мүмкүнчүлүгү: Чатак баштала электе – 92%; Каршылашуу – 46%; Кризисте – 5%; Аягында – 20%; Чатактан кийин – 95%.


5.1-сүр. Чыр-чатактын стадиялары








Чыр-чатаксыз келечекке карай. 9–11-класстар: Америкалык Юристтер Ассоциациясы, Укуктун Үстөмдүгү Программасы (ABA ROLI). Окуу куралы. – Б., 2011. – 130 б.