Колдонуучу:Berdibekova

Википедия дан

Кумурска сымалдардын мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

      План:

1. Кумурска сымалдардын же алты буттуулардын мааниси

2. Толук өзгөрүп өрчүгөн кумурскасы малдардын түркүмдөрү.

3.Көпөлөктөр же кабырчык канаттар түркүмү.

[1] Толук эмес өзгөрүлүп өрчүгөн кумурска сымалдардын түркүмдөрү. Түз канаттар түркүмү. Көпчүлүгү ачык жерлерди: шалбаа, айдоо, талаа, чөлдү, бир азы токойду мекендейт. Түз канаттар түркүмүнө өткүи чегирткелер, күрөң чегирткелер, аюу чегирткелер жана башкалар кирет. Таракандар түркүмү. Денеси сүйрү, жалпагыраак келген кумурска сымалдар. Ооз аппараты - кемирүүчү, буттары - жөрмөлөмө. Алдыңкы канаттары катуу мүйүз сымал, арткысы жука жаргак сымал болот. Көбүнүн канаттары болбойт. Таракандар түн ичинде активдүү жаныбарлар. Органикалык калдыктар менен азыктанат. Тамак-аштарды булгап, зыянга учуратат. Алар кишиге ар кандай оору жугузуучу микроорга- низмдерди таратышы менен зыяндуу. Тең канаттар түркүмү. Тен, канаттар түркүмүнө чөп биттери, курт сымактар, чыркырактар кирет. Ооз органы сайып-соруучулар. Булар негизинен өсүмдүктөрдүн маңызы менен азыктанат. Чөп биттери өсүмдүктөргө зыян келтирет. Канталалар түркүмү. Канталалар - денеси жалпак, ооз аппараты сайып- соруучу кумурска сымалдар. Төшүндө жыт бөлүп чыгаруучу бездер болот. Алар өсүмдүктөрдүн клетка маңызы менен тамактанышат, ошондой эле Чегирткелердин ичинен чоңу өткүн чегиртке, анын узундугу 10 см. Денелери узун, ооз аппараттары кемирүүчү, арткы буттары секирүүчү болот. Канаттары дененин узундугу боюнча каптал жактарында түз жайгашат. Үн чыгаруучу жана угуучу органдары бар. Айыл чарба өсүмдүктөрүнө абдан зыяндуу. Биздин жайыт- тарыбызда учураган күрөң чегиртке жана каралжын канат чегиртке ото зыяндуу. Аюу чегирткелер ийинде жашап, кан да сорушат. Эгин канталасы эгин алгандан тартып данын жей баштайт. Төшөк канталасы кишинин канын сорот. Үйдөгү тактай эмеректердин, жыгач буюмдардын, полдун жылчыктарына жашынып, тун ичинде активдүү болушат. Толук өзгөрүп өрчүгөн кумурскасы малдардын түркүмдөрү. Коңуздар же катуу канаттар түркүмү. Көпчүлүгү жерде жашайт, сууда жашоого өткөндөрү да бар. Коңуздардын алдыңкы канаттары үстүңкү катуу канатка айланып кеткен. Арткылары жаргакча түрүндө болуп, учуу кызматын аткарат. Эл кайда көчөттөр курт сымактарды (червецы) жана чөп биттерин жок кылат. Кыкчы, өлүмтүк, көркоо коңуздар жаныбарлардын калдыктарын жеп, санитардык ролду аткарат. Көпчүлүк катуу канаттар айыл чарбасына зыяндуу. Картошка нын зыянке- чи - Колорадо коңузу биздин жерибизге да жеткен. Картошкаларга олуттуу зыян келтирүүдө. Колорадо коңузу өсүмдүктөрдүн сабагын соолутуп, жалбырактарын кууратат. Анын мекени - АКШнын Колорадо штаты. АКШ аймагынан Биринчи дүйнө- лүк согуштун убагында жүктөр менен кокусунан Франциянын жээктерине алып келинген. Андан коңшулаш Батыш Европа мнмлекеттерине тараган. Көпөлөктөр же кабырчык канаттар түркүмү. Көпөлөктөрдүн эки жуп жаргак канаттары калың кабырчыктар менен кппталган. Үстүңкү жаактары жоголуп кетип, астыңкы жаактары узун спираль гыяктуу тумшукка айланган. Личинкалары «эжеке бээ саа» деп атадат. Ллардын ооз аппараттары кемирүүчү болот. Көпөлөктөрдүн чоңдорунун азыгы - гүлдүн таттуу ширеси. Көпөлөктөрдүн личинкалары абдан зыяндуу болушуп, өсүмдүктөрдү жабыркатат. Күбөлөр жүндөн токулган же жасалган буюмдарга, баалуу илбээсин терилерине абдан зыяндуу. Тыт жибек көпөлөгүнүн пайдасы чоң. Анын личинкалары бөлүп чыгарган жибек жиптерин пайдалануу үчүн жибек курту атайын чарбада өстүрүлөт. Тыт дарагынын жалбырактары менен азыктанышат. Андан кийин атайын пилланын ичинде куурчакчаларга айланат. Жибек түрүүчү фабрикаларда пилланын жибинен жибек жиптер даярдалат.Тыт жибек куртунан бөлөк эмен жибек көпөлөгү да багылат. Анын пиллаларынан жоонураак жибек жип алынат. Ал чесуча кездемесин токууга жумшалат. Кош канаттар түркүмү. Кош канаттардын белгилүүлөрү - чиркейлер, желимчилер, көгөндөр, сайгактар. Булардын бир жуп канаттары бар. Ооз аппараттарынын жалоочу, сайып-соруучу, соруучу типтери болот. Көрүү органдары - татаал фасетикалык көздөр. Чиркейлер сайып-соруучу ооз аппараты бар кумурска сымалдар бо¬лот Чиркейдин эркеги өсүмдүктүн маңызын, ал эми ургаачы- сы кишинин жана малдын канын сорот. Безгек чиркейи безгек оорусун таратат. Желимчилер майда, денеси түктүү келип, эркеги өсүмдүк маңызын, ургаачысы кишинин, жаныбардын канын сорот. Чымындар буту менен мите курттардын жана түрлүү оорулардын козгоочуларын таратат. Көгөндөр жылтылдак көздүү, анчалык чон, эмес болот. Малдын ка¬нын соруп, тынчын кетирип арыктатат. Сайгактар - денеси түктүү, көздөрү кичинекей, малдын ото зыяндуу мителери. Алардын личинкалары уйлардын, койлордун жана жылкы- нын денелеринде митечилик кылат. Калдырак же жаргак канаттар түркүмү. Бул түркүмгө аарылар, шимикчилер, сары аарылар, кумурскалар жана башка кирет.

  1. Кумурска сымалдардын же алты буттуулардын мааниси